Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  20-декабрындагы № 17

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жаратылыш газы менен жабдуучу - «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Бишкекгаз» филиалынын алдындагы карызын төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-, 34- жана 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31- жана 78-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына төмөндөгүлөргө макулдук берилсин:

         «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кредитордук карызы боюнча «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Бишкекгаз» филиалы менен  эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 150 000 000 (бир жүз элүү миллион) сом суммадагы бюджеттик кредит алууга;

         республикалык бюджеттен бюджеттик кредит алуу үчүн «Бишкексельмаш» отканасын күрөө катары коюуга.

         2. «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы:

         республикалык бюджеттен бюджеттик кредитти тартууга кредиттик келишимдин жана тийиштүү карыздык милдеттенменин кол коюу процедурасын белгиленген тартипте жүргүзсүн;

         ишкананын финансылык-чарбалык иш-аракеттеринин эсебинен  бюджеттик кредит боюнча пайыздарды төлөөнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.

         3. Бишкек шаарынын мэриясы:

         Бишкек шаарынын бюджетин түзүүдө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн республикалык бюджеттен бюджеттик кредитти өз убагында жоюу үчүн «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасын кошумча каржылоону карасын;

         кошумча каржылоону «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына  бөлүнүүчү субсидиялар боюнча карыздын суммасын азайтуу жолу менен кабыл алсын;

         Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы  тарабынан  ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн республикалык бюджеттен бюджеттик  кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыздасын;

ушул кредитти трансферттердин эсебинен жабууну иштеп чыксын;

газ менен иштеген отканаларга эсептегичтерди коюу маселесин иштеп чыксын.

4. Ушул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жѳнѳтүлсүн.

         5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. Ш. Сазыкуловго жана Бишкек шаарынын вице-мэри М. К. Байгончоковго жүктөлсүн.

         6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                       К. Конгантиев