Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  20-декабрындагы № 16

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын (2021-жылдын 5-октябрындагы чыгыш № 19/2210) кайрылуусун эске алып, муниципалдык мүлктү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Бишкек шаардык кеӊеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеӊешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2021-жылдын 28-сентябрындагы № 11 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»;

2021-жылдын 28-сентябрындагы № 12 «Муниципалдык турак-жайды акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө».

2.   Ушул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жѳнѳтүлсүн. 

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын санариптештирүү жана транспорт маселелерин тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                К. Конгантиев