Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  20-декабрындагы № 18

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын чени төмөнкүдөй бекитилсин:

1) жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иш-аракеттер үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр үчүн - ар бир кызматкерден бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

2) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн - ар бир кызматкерден бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.

2. Бекитилген формага ылайык жыйымдын суммаларын төлөө жана тиешелүү эсептешүүлөрдү берүү төлөөчүлөр тарабынан жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн жыйымды ошондой мүлк бекитилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте жеке жактардан, ишкердик иш-аракеттер үчүн арналбаган турак жай курулуштардын ээлеринен Бишкек шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын чени, аны башкаруу тартиби маселесин иштеп чыксын жана аны Бишкек шаардык кеӊештин бекитүүсүнө киргизсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

Бишкек шаардык кеӊешинин 2009-жылдын 30-мартындагы № 54 «Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ченин бекитүү жөнүндө» токтому;

Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 13 «Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы № 54 «Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ченин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;

Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-февралындагы № 149 «Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы № 54 «Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу ченин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;

Бишкек шаардык кеӊештин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 «Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө» жана «Бишкек шаарынын аймагында автотранспортторду токтотуу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө» жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы                                                          К. Конгантиев