Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 31- январь № 67

 

Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер жөнүндө

 

Бишкек шаарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, «Тазалык» жана «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканаларынын зыянсыз, пайдалуу жана ишенимдүү иш-аракеттерин камсыздоо, ошондой эле финансылык милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 1-февралынан тартып катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга жана көмүүгө карата төмөнкү тарифтер бекитилсин:

калк үчүн айына бир адамдан 41 сом өлчөмүндө, анын ичинде 13 сом катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызмат көрсөтүүгө;

Бишкек шаарынын пенсионерлери үчүн айына бир адамдан 22,50 сом өлчөмүндө;

менчигинин түрүнө карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн 1,0 куб. м. үчүн 361 сом же 1 тоннасына 2430 сом, анын ичинде 81 сом же  1 тоннасына 445 сом өлчөмүндө катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;

менчиктин түрүнө карабастан, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн катуу тиричилик  калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн 1 тоннасы үчүн 445 сом өлчөмүндө.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

2023-2024-жыл мезгилдерине «Тазалык» муниципалдык ишканасын өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;

белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө «2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаарынын мэриясы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаарынын мэриясы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы, «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоору үчүн Европа бирлигинин Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун («EUIFCA») инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган кредитти жоюуну белгиленген тартипте камсыздасын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 144 «Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарга тарифтер жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана турак жай-коммуналдык чарба маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                             К. Конгантиев

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 31- январь № 66

 

Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 5-бөлүгүнө, 37-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык ишке киргизилсин.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылсын.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
  4. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 49 «Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                     К. Конгантиев

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 16-декабрь № 60

                  

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарындагы муниципалдык менчик объекттерин натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык,  Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо;  

2-тиркемеге ылайык, муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүүгө берүү жөнүндө типтүү келишим;

3-тиркемеге ылайык, муниципалдык мүлктү ыкчам башкарууга берүү жөнүндө типтүү келишим;

4-тиркемеге ылайык, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга муниципалдык мүлктү берүү жөнүндө типтүү келишим;

5-тиркемеге ылайык, жеңилдетилген ижара акысы менен типтүү келишим;

6-тиркемеге ылайык, 1-топтун рыноктук жеңилдетилген ижара акысы менентиптүү келишими;

7-тиркемеге ылайык, 2-топтун рыноктук жеңилдетилген ижара акысы менентиптүү келишими;

8-тиркемеге ылайык, 3-топтун рыноктук жеңилдетилген ижара акысы менентиптүү келишими.

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул объекттерди жана жабдууларды жайгаштыруу чиймелери бекитилгенден кийин гана Бишкек шаарынын сейил бактарында, гүлбакчаларында жана баккөчөлөрүндө орундарды, электр самокаттарды жана велосипеддерди жайгаштыруу үчүн аянттарды муниципалдык комплекстердин аймактарында  бирдиктүү үлгүдөгү лайт боксторду жайгаштыруу, проекциялык жарнакты орнотуу үчүн  берүүнү жүргүзсүн.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                       К. Конгантиев

 

 

 

 

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 28-декабрь № 63

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги  № 27 «2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджеттик параметрлерди тактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 27 «2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы «15 022 517,2», «9 647 591,7», «1 426 264,5», «1 343 945,0», «1 262 475,5», «1 342 240,5» деген цифралар тийиштүү        «14 719 757,0», «5 851 623,1», «2 417 684,5», «1 974 029,6»,                           «2 399 516,1», «2 076 903,7» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 11, 12, 13 - тиркемелери ушул токтомдун 1, 11, 12, 13 - тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 21- тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 21-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

4) 10-пункттун 14-пунктчасында:

- биринчи абзацта «техникалык тейлөөчү персоналына» деген сөздөрдөн кийин «2022-жылдын 1-сентябрына чейин» деген сөздөр менен, «өлчөмүндө үстөк акы» деген сөздөрдөн кийин «жана 2022-жылдын 1- сентябрынан тартып эмгек акыны жогорулатууну эске албастан эки маяна өлчөмүндө үстөк акы» деген сөздөр менен толукталсын;

- экинчи абзацта «кызматкерлеринин кызматтык маянасына» деген сөздөрдөн кийин «2022-жылдын 1- сентябрына чейин» деген сөздөр менен, «өлчөмүндө үстөк акы» деген сөздөрдөн кийин «жана 2022-жылдын 1- сентябрынан тартып эмгек акыны жогорулатууну эске албастан бир маяна өлчөмүндө» деген сөздөр менен толукталсын;

5) 13-пунктта:

- 21-пунктчада «иш үчүн» деген сөздөрдөн кийин «2022-жылдын 1-сентябрына чейин» деген сөздөр менен толукталсын;

- 22-пунктчада «муниципалдык кызматчыларына» деген сөздөрдөн кийин «2022-жылдын 1-августуна чейин» деген сөздөр менен толукталсын;

6) 19-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

«19. Төмөндөгү мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык маяналары белгиленсин:

- «Алтын-Булак» пансионаты» муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Социалдык жатакана» муниципалдык мекемесинин ушул токтомдун 6 жана 61 - тиркемелерине ылайык 2022-жылдын 1-апрелине чейин, ушул токтомдун 10 жана 101- тиркемелерине ылайык - 2022-жылдын 1-апрелинен тартып;

- Бишкек шаарынын «Ардагер» геронтологиялык борборунун 2022-жылдын 1-апрелине чейин ушул токтомдун 62-тиркемесине ылайык.»;

7) ушул токтомдун 3 жана 31 - тиркемелерине ылайык редакцияда 10 жана 101 - тиркемелер менен толукталсын;

8) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

9) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемесинде:

- «Шаардык бюджет» бөлүгүндөгү «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына, Новгород көчөсү (Астрахань көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейин) дареги боюнча жолду оңдоого 12 425,5 миң сом суммада,» деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;

- «Суммасы» графасында «517 583,5» жана «512 425,5» деген цифралар тийиштүү «505 158,0» жана «500 000,0» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- «Ленин администрациялык району» бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

 

Ленин администрациялык району

 

                        21 645,1  

706

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына Новгород көчөсү (Астрахань көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейин) дареги боюнча жолду оңдоого 12 425,5 миң сом суммада.

                        12 425,5  

708

Эс алуу, спорт, маданият жана дин

Ленин районунун № 5 муниципалдык аймактык башкармалыгына видео көзөмөлдөө тутумуна оңдоо жүргүзүүгө150,0 миң сом суммада.

                             150,0  

709

Билим берүү

Ленин райондук билим берүү борборуна № 42, № 50, № 57 орто билим берүү мектептерине воркаут-аянттарын жана спорт талааларын курууга 9 069,6 миң сом суммасында.

                          9 069,6  

 

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                            К. Конгантиев

 

 

Тиркеме (xlsx. 250kb)

ы                                            

 

 

          БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 31- январь № 65

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуукомиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын,  Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Усеналиев Бекжан Бактыбекович бекитилсин.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 4-пунктунун 2-абзацындагы “ Акылбеков Асылбек Акылбекович” деген сөздөр “Усеналиев Бекжан Бактыбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы