Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

 

2022-жыл 16-декабрь № 59

 

Уюштуруу маселелери боюнча Бишкек шаардык кеңешинин кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын,  Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек”, “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын каттарынын, Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын чечимдеринин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан Акунова Лира Акуновна -  “Эмгек” фракциясынын мүчөсү;

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиядан Асанбеков Жаныбек Асанбекович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:

муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга Асанбеков Жаныбек Асанбекович -  “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга Акунова Лира Акуновна -  “Эмгек” фракциясынын мүчөсү.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) 1-пункттун 2-сабы алынып салынсын жана саптарды номерлөө ылайык келтирилсин;

б) 3-пункттун 6-сабы алынып салынсын;

в) 4-пункт төмөнкү мазмундагы 8-сап менен толукталсын:

“Асанбеков Жаныбек Асанбекович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү”;

г) 6-пункт төмөнкү мазмундагы 5-сап менен толукталсын:

“Акунова Лира Акуновна -  “Эмгек” фракциясынын мүчөсү”;

д) мамлекеттик тилдеги текстте 1-пункттун 7-сабындагы “Эрмурза” деген сөз “Эрмырза” деген сөз менен алмаштырылсын.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 43 “Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомуна мамлекеттик тилде төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 2-пункттагы:

“жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын” деген сөздөр “регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Эрмурза” деген сөз “Эрмырза” деген сөз менен алмаштырылсын.

 

б) 3-пункттагы:

2-абзацтагы “в)” деген тамга жана белги 2-абзацта “а)” деген тамга жана белги менен алмаштырылсын;

5-абзацтагы “Эрмурза” деген сөз “Эрмырза” деген сөз менен алмаштырылсын.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 “Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 1-пункттун 3-абзацындагы “Акунова Лира Акуновна” деген сөздөр “Давыдов Эрмырза Давыдович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 

б) 3-пункттун 2-абзацындагы “Асанбеков Жаныбек Асанбекович” деген сөздөр “Кенжебаева Светлана Козубаевна” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 35 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” токтомунун 4-пунктундагы “июнундагы” деген сөз “июлундагы” деген сөз менен алмаштырылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасынын
убактылуу милдетин аткаруучу                                        Ж. А. Абдраимов