Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 16-декабрь № 60

                  

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарындагы муниципалдык менчик объекттерин натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык,  Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо;  

2-тиркемеге ылайык, муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүүгө берүү жөнүндө типтүү келишим;

3-тиркемеге ылайык, муниципалдык мүлктү ыкчам башкарууга берүү жөнүндө типтүү келишим;

4-тиркемеге ылайык, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга муниципалдык мүлктү берүү жөнүндө типтүү келишим;

5-тиркемеге ылайык, жеңилдетилген ижара акысы менен типтүү келишим;

6-тиркемеге ылайык, 1-топтун рыноктук жеңилдетилген ижара акысы менентиптүү келишими;

7-тиркемеге ылайык, 2-топтун рыноктук жеңилдетилген ижара акысы менентиптүү келишими;

8-тиркемеге ылайык, 3-топтун рыноктук жеңилдетилген ижара акысы менентиптүү келишими.

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул объекттерди жана жабдууларды жайгаштыруу чиймелери бекитилгенден кийин гана Бишкек шаарынын сейил бактарында, гүлбакчаларында жана баккөчөлөрүндө орундарды, электр самокаттарды жана велосипеддерди жайгаштыруу үчүн аянттарды муниципалдык комплекстердин аймактарында  бирдиктүү үлгүдөгү лайт боксторду жайгаштыруу, проекциялык жарнакты орнотуу үчүн  берүүнү жүргүзсүн.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                       К. Конгантиев