Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 29 сентябрь № 45

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8- декабрындагы №166 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруу үчүн кредит алууну жактыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ченемдик актынын бузууларын четтетүү тууралуу сунуштамасын (2022-жылдын 23-майындагы чыгыш №14/10-22) карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

                                     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8- декабрындагы №166 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруу үчүн кредит алууну жактыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) киришме “Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып” деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-пункттун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “8000000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндө алынган кредитти жана пайызды жоюунун булагы болуп республикалык, жергиликтүү бюджеттер, мамлекеттик уюмдардын бюджеттен тышкаркы каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген башка булактар каржылоо булагы болуп  аныкталсын.

в) 2-пункттун 3-абзацы алынып салынсын;

г) 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: “4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссияларына, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелери жана турак-жай-коммуналдык чарба  маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрлерине жүктөлсүн.”.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 “Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомун Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8- декабрындагы №166 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруу үчүн кредит алууну жактыруу жөнүндө” токтомуна ылайык жеткиликтүү иштеп чыксын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкексууканал” ӨЭБсы менен бирдикте 6 айдын ичинде үлүштүк каражаттарды чогултуу тартиби жөнүндө жобону даярдасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешине бекитүүгө киргизсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссияларына, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелери жана  турак-жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрлерине жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                               К. К. Конгантиев

 

 

 

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29 сентябрь № 54

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы №44 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын  ишке ашыруу тууралуу” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын  ишке ашыруу  үчүн, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы №44 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын  ишке ашыруу тууралуу” токтомунун 1-тиркемесине  төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

“Комиссиянын төрагасы:  Абдраимов Ж. А. – Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары” деген сөздөр “Комиссиянын төрагасы: Конгантиев К. К. – Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

         “Комиссиянын төрагасынын орун басары: ” деген сөздөрдөн кийин

“Абдраимов Ж. А. – Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;”  деген сөздөр менен толукталсын;

“Айтакунов К. М. – Бишкек шаарынын мэриясынын  борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башчысы;” деген сөздөр алынып салынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы  К. К. Конгантиевге,  Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. К. Абдиевге жана биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри Э. М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                              К. Конгантиев

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

2022-жыл 29 сентябрь № 52

 

"Бишкек шаарынын ардактуу жараны" наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиянын 2022-жылдын 23 – майындагы № 1 протоколунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2021-жыл үчүн "Бишкек шаарынын ардактуу жараны" наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:

 

Аматов Рысбай Аматович - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

 

Жумабаев Буркан - Кыргыз Республикасынын байланышынын эмгек сиңирген ишмери, «Кыргыз Республикасынын байланыш ардагерлери» коомдук уюмунун төрагасы;

Исмаилов Сайдахмат Аблезович -  Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин “Ишеним” фракциясынын лидери;

Малаев Нимат Саидович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Шаардык ЛОР - Тез жардам клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы, Бишкек шаарынын башкы отоларингологу;

Мусаев Абдулда Инаятович - Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери, элдик билим берүүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор, К. Карасаев атындагы БМУнун ректору;

Сариев Таалайбек Жолдошбаевич - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Эргешов Казыбек Кочкорович - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын лидери.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 "Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө адамдарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Белгилерин, Ардак грамоталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу                                          Ж. А. Абдраимов                                                          

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

2022-жыл 29 сентябрь № 53

 

Бишкек шаардык кенешинин аппаратын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №422 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык расписаниесин, ченемдерин жана санын бекитүү жөнүндө” токтомун, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин аппараты 38 штаттык бирдик санда түзүлсүн, анын ичинде:

Административдик муниципалдык кызмат орундары -27 штаттык бирдик;

Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал - 11 штаттык бирдик.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы №57 “Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык саны жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

    3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын  мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

    4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

Бишкек шаардык  

кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу                                   Ж. А. Абдраимов

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

 

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29 сентябрь № 51

Бишкек шаардык кеңешинин “Сыйлыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

 

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиянын ишин жөнгө салуу максатында, ошондой эле Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамын ыйгаруу, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик тилде «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» жобо бекитилсин.

 

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) токтомдун киришмесинде:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 122 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы" деген сөздөр алып салынсын.

б) Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө жобонун 29-пункту “фракция лидерлерин” деген сөздөн кийин “(жүйөөлүү себептер менен лидерлер жок болгон учурда, алардын орун басарларынын катышуучу укук ченемдүү)” деген сөздөр менен толукталсын».

 

3. Ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык мамлекеттик тилде «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобо бекитилсин.

 

4.  Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 “Жаңы редакциядагы “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) токтомдун аталышындагы "жаңы редакциядагы" деген сөздөр алып салынсын;

б) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

“Жалпы жоболор” I главанын 4-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

 “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамынан ажыратуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын, Бишкек шаарынын мэринин өтүнүчү боюнча, ардактуу наамдын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген аракеттер жасалган учурларда, Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен чакыртылып алынышы мүмкүн.

“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын чакыртып алуу тууралуу өтүнүчтү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында бул маселени кароо тууралуу чечим кабыл ала турган сыйлыктар боюнча комиссия карайт.

Маселе тийиштүү профилдик комиссия карагандан кийин сессиянын кароосуна киргизилет.”;

1-пункттун 5-абзацы «сессияда бекитүү үчүн талапкерлердин тизмесине автоматтык түрдө киргизиле турган, » деген сөздөр менен толукталсын;

3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары бир талапкерден, ошондой эле уюмдар, коомдук бирикмелер жана айрым граждандар өтүнүч катары киргизиши мүмкүн.»;

5-пунктта:

"Сунуш" деген сөз "Өтүнүч" деген сөз менен алмаштырылсын;

б) төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчү менен төмөнкү документтер киргизилет:

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатына сыйлыктарды белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген формадагы сыйлоо барагы;

кадрдык эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же сыйлануучунун таржымалы;

Бишкек шаарынын сыйлыктары, мамлекеттик сыйлыктары жана Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы бар экендигин тастыктаган күбөлүк же башка тастыктоо:

сыйлануучунун паспортунун көчүрмөсү.»;

8-пункттагы "эки айдан кийин" деген сөздөр "бир айдан кеч эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9-пункттагы "жашыруун добуш берүү менен" деген сөздөр алынып салынсын;

10-пунктагы “7 талапкер” деген сөздөр “8 талапкер” (үч чакырылыштан кем эмес катары менен шайланган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бул санга кирбейт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин «12. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү коомчулуктун сыйлыктарынын бири, Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган, ошондой эле мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон адамга ыйгарылат».

“Комиссиянын функциялары” IV глава төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын чакыртып алуу тууралуу өтүнүчту карайт.”.

 

5.  Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын убактылуу

милдетин аткаруучу                                                                   Ж. А. Абдраимов