Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 16-декабрь № 62

 

Бишкек шаарындагы жаңы сейилбакка “Байтик Баатыр Канай уулу сейилбагы” аталышын берүү жөнүндө

 

Шаардыктардын жана борбор шаардын меймандарынын эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык,  2022-жылдын 16-июнундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинде болгон кеңешменин № 18-2545 “Тарыхый инсан Байтик Канай уулунун туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” протоколун, 2022-жылдын 29-июлундагы Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын № 3 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тиркелген чиймеге ылайык, Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр көчөсүнүн жана Аалы Токомбаев проспектинин кесилишинде жайгашкан жаңы сейилбакка “Байтик Баатыр Канай уулу сейилбагы” аталышы берилсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын транспорт, курулуш жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басары жүктөлсүн.

 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасынын милдетин убактылуу
аткаруучу                                                                               Ж. А. Абдраимов

 

Схема (pdf. 407 kb)