Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууну улантуу үчүн кредиттик жана гранттык каражаттарды тартууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен калкты тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн жаңы троллейбустарды сатып алуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаарынын мэриясына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча эки транш менен жаңы троллейбустарды сатып алууга 7,9 млн. евро суммасында каражаттарды тартууга макулдашууларды белгиленген тартипте түзүүгө макулдук берилсин:

-          биринчи транш 4,7 млн. евро (анын ичинде3,0 млн.евро кредит жана1,7 млн.евро грант);

-          экинчитранш 3,2 млн.евро (анын ичинде2,0 млн.евро кредит жана 1,2 млн.евро грант).

2.  Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

-          Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча кредиттик жана гранттык каражаттарды тартууга карата макулдашууларга, ошондой эле тийиштүү карыздык милдеттемеге кол коюу боюнча ишти жүргүзсүн;

-          берилүүчү кредиттик жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, каралган иш-чараларды өз убагында аткарууну камсыздасын;

-          шаардын бюджетинде пайыздарды эске алуу менен алынган кредитти төлөө үчүн каражаттарды карасын,  жоюу графигине ылайык аны жоюуну камсыздасын.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Десятников П. Н.), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Г. А. Милицкийге жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                           А. М. Кененбаев

 

Бишкек ш.,

25-декабрь  2015-жыл, №168