Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы№ 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине  төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) төмөнкү мазмундагы 12-1- пункт менен толукталсын:

“Биринчи сессияда сессиянын күн тартибин кароого чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ант берүүсү болот”.

Шайланган депутат Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстине оң колун коюп, Бишкек шаардык кеңешинин алдында мамлекеттик же расмий тилдерде  төмөнкү мазмундагы ант берет:

 “Мен, _______________________________ , Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарына берилгендигимди билдирип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка укуктук ченемдик актыларын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин сактоого, депутаттын милдеттерин Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын жарандарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызыкчылыгына аткарууга ант беремин.”

Анттын текстинен жана аны берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт. Четтеп кеткен учурда ант кайталанып берилет.

         Бишкек шаардык кеңешинин бардык жаңы келген депутаттары сессияда ант беришет.”;

2) 204-пункттун 3-абзацындагы “ыйгарым укуктуу орган“ деген сөздөр “борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;”;

3) 204-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

“шаардын киреше жана чыгаша бөлүгүнө таасир этүүчү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынан корутунду;

ишкерликтин субъекттеринин ишин жөнгө салууга багытталган маселелер боюнча ишкерликти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген учурларда башка мамлекеттик органдардын корутундусу”;

4) 16-1 главаданы төмөнкү мазмундагы 16-2 глава менен толукталсын: “16-2 глава. “Бишкек шаарынын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү”;

5) төмөнкү мазмундагы пункттар менен толукталсын:

“239-2. Бишкек шаарынын мэри Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна дайындоого макулдук берүү үчүн конкурс өткөндөн кийин (сынактык тандоо болгон учурда) Бишкек шаарынын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого талапкерлигин киргизет.

239-3. Ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүү жүргүзүлөт. Кызмат орунга дайындоого макулдук берүү жөнүндө чечим  Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын санынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана Бишкек шаардык кеңешинин буйругу менен жол-жоболоштурулат.”.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                               Ж. Б. Абиров                     

Афганистанда жана Баткен окуяларында курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнүн, Чернобыль АЭС авариясын жоюуга катышкандардын жесирлеринин жана Бишкек шаарынын жарды жашоочуларынын материалдык абалын жакшыртуу максатында Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын  социалдык жактан колдоо жөнүндө”  токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

  Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Бишкек шаарынын жарды жана  жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө” жободогу:

    14-пункттун “б” пунктчасындагы “1500” саны “3000” санына алмаштырылсын;

    16-пункттагы:

     биринчи абзацтагы “үй-бүлөгө 1,5 тонна отундун ченеминин нарк эсебинен 2018-2019-жылдагы жылуулук берүү мезгил убагынан тартып” деген сөздөр “2020-2021-жылдагы жылуулук берүү убагынан тартып үй-бүлөгө 5000 сом өлчөмүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

          “д” пунктчасынын 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

  “д) жалгыз жашаган пенсионерлер, ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар, бирөөнүн кароосуна муктаждар жана пенсионерлерден жана ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген жактардан турган үй бүлөлөр үчүн гана көмүр жеткирүүгө чыгымдар: конуштарга чейин жашагандар үчүн 500 сом, конуштарда жашагандар үчүн 700 сом өлчөмүндө кошумча конпенсацияланат”.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун аткарылышына 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча мониторинг жүргүзсүн жана Бишкек шаардык кеңешине 2021-жылдын 1-апрелине чейин маалымат берсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин     социалдык     маселелер     боюнча   туруктуу комиссиясына  жана социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                           Ж. Б. Абиров                                                                             

Бишкек шаардык кеңештин
2020-жылдын  30-июну № 157

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы  № 125 "Бишкек шаарынын 2020-жылга бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 125 "Бишкек шаарынын 2020-жылга бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы «10 231 972,4», «5 353 688,8», «1 290 573,4», «1 277 848,5», «1 100 027,8», «1 209 833,9» деген цифралар тийиштүү «10 057 526,9», «5 179 739,3», «1 290 096,4», «1 277 187,5», «1 100 277,8», «1 210 225,9» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3 -тиркемелерине ылайык редакцияга берилсин;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияга берилсин;

4) 1-пункттагы 2-пунктчасындагы «1-4» деген цифраларды алып салынсын.

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 3, 7-тиркемелерине ылайык бекитилсин.

3. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгын чыгымдоо багыты ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык бекитилсин.

  4. 2019-жылдагы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен  60 748,8 миң сом суммасындагы чыгашаны ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык багыттоого уруксат берилсин.

5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                         Ж. Б. Абиров

Приложения (xlsx, 219 Кб)

Приложе

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 “Бишкек  шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобону  бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2020-жылдын 3-февралындагы комиссиянын № 1 чечиминин жана Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган  “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын негизинде, мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алып, Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2019 жыл үчүн “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамы төмөнкү жарандарга  ыйгарылсын:

Кутанова Анна Алексеевна - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, эмгектин  ардагери, Ленинград блокадачыларынын Кыргыз коомунун төрагасы;

Брейво Вячеслав Георгиевич – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, “Эмгек ардагери”, Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын консультанты - башкы юристи;

Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, самбо жана дзюдо боюнча СССР спортунун чебери, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРБЖСМнын директору;

Пирматова Асель Айтбаевна – Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты;

Кенешов Төлөбай Сейдакматович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу,  Н. Исанов атындагы КТжАКМУсунун “Шаар куруу” кафедрасынын башчысы;

Сабиров Равшанбек Азтович - “Кыргыз – Фариаб” ЖЧКсынын директору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү экс-министри;

Орумбаев Медербек Аманович - “Аман инвест строй” ЖЧКсынын генералдык директору.

2. Бишкек шаарынын мэриясы  Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 19-мартындагы  № 311 “Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын,күбөлүгүнүн жана Бишкек шаарынын Ардактуу жарандарынын Китебинин жоболорун жана баяндоолорун бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө 2019-жылда бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын белгилерин, грамоталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарына  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                           Ж. Б. Абиров

Бишкек шаардык кеңештин
2020-жылдын  30-июну № 156

ТОКТОМУ

Республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда тартууга макулдук берүүпүүүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57 – беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2020 – жылдын 8 - июнундагы № 60 "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2020 – жылдын 21 - майындагы № 08-1-2/470 катын эске алып, Бишкек шаардык кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына республикалык бюджеттен 744 000 000  (жети жүз кырк төрт миллион) сом суммада бюджеттик ссуда тартууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- ушул токтомдун 1 – пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу багытоо боюнча - Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек жана өргүү акы төлөөгө багыттасын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен келишим түзүү боюнча тийиштүү жол - жоболорду жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акыларын төлөөгө чыгымдарды Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттен каржылоого этап-этабы менен которуу боюнча жумушчу топ түзүп, которуу мөөнөттөрүн белгилөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун даярдасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А.К. Бакетаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                      Ж. Б. Абиров