Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 8 914 116,4 миң сом суммада, чыгашалар боюнча 8 720 472,9 миң сом суммада, чыгашалардан ашкан кирешелерди ашыруу боюнча 193 643,5 миң сом суммада бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                 Ж. Б. Абиров

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-мартындагы № 93 "Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы "8 766 796,3", "4 752 668,9", "1 054 674,1", "983 572,6", "956 500,7", "1 019 380,0" деген цифралар тийиштүү "8 755 680,0", "4 741 552,6", "1 054 674,1", "983 572,6", "956 500,7", "1 019 380,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына  жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине  жүктөлсүн.

Төрага                                                                                 Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- 2019-жылга Бишкек шаарынын бюджети боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр (doc. 166 Кб)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы  № 12 “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө” жобону  ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №129 “Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңеши жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”;

Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 11 “Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 129  “Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңеши жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын шаар курулуш жана архитектура маселелерин тейлеген  вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                        Ж. Б. Абиров

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы  № 486 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 430 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таануу тууралуу” токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 67 жана № 1 биргелешкен чечимин эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

“Түзүмдүк бөлүмдөр” бөлүгүндөгү “Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо башкармалыгы” деген сөздөр “Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

“Чарба жүргүзүүчү субъекттер” бөлүгүндөгү “Бишкекбашкыархитектура” МИси” деген сөздөр алып салынсын.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 30-июнундагы № 151 “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                             Ж. Б. Абиров

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо,  чет мамлекеттер менен достук тышкы саясий мамилелерди чыңдоо максатында, ошондой эле Азербайжан Республикасынын элчилигинин кыргыз тарапка жиберген нотасын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши                                                                               

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 324 “Азербайжан Республикасынын экс-президенти Гейдар Алиевдин ысымын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан сейилбакка ыйгаруу жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

 токтомдун “Азербайжан Республикасынын экс-президенти Гейдар Алиевдин ысымын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан сейилбакка ыйгаруу жөнүндө” аталышы “Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө” деген редакцияда берилсин.  

1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: “1. Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан аянты 5,5 га сейил бакка “Кыргызстан – Азербайжан достугу сейил багы” аталышы ыйгарылсын (чийме тиркелет).”.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объектилерин кайра атоо маселесин тартипке салуу жөнүндө” токтомунун  1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: “1. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 29 “Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомунан, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун атынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирин кайра атоодон, Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель көчөсүнө кайра атоодон, Мухтар Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки Чүй проспектинин бөлүгүн Шабдан Баатыр проспектине кайра атоодон, Байтик Баатыр көчөсү боюнча жайгашкан Азербайжан Республикасынын экс-президенти Гейдар Алиевдин атындагы сейилбакты Кыргызстан – Азербайжан достугу сейилбагына кайра атоодон тышкары Бишкек шаарынын проспекттерин, аллеяларын, аянттарын, шаардык сейилбактарды, саябандарды, көчөлөрдү жана туюк көчөлөрдү кайра атоого мораторий он жылга жарыялансын.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кадастр” жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура маселелерин тескеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                            Ж. Б. Абиров