Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаардык кеңештин
түзүмүн бекитүү жөнүндө
 
Бишкек шаардык кеңештин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.     Бишкек шаардык кеңештин түзүмү бекитилсин (тиркелет).
2.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
 
 
 
Төрага                                                               М. А. Аманкулов
 
 
Бишкек шаары,
28-декабрь 2012-жыл, №3
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаардык кеңештин депутаттык комиссиясынын
Социалдык тамактануу департаментинин иштөөсүн
жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун
натыйжалуулугун талдоо боюнча ишинин жыйынтыгы
жөнүндө
 
         Башкаруунун функционалдык тутумун жана Социалдык тамактанууну уюштуруу маселелери боюнча бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну түзүү, билим берүү, социалдык жана дарылоо мекемелериндеги сатып алуу жана тамактанууну камсыздоонун кызмат көрсөтүүлөрү  боюнча тендердик процедураларды өткөрүүнүн максималдуу ачыктыгын камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.                Бишкек шаарынын мэри (Омуркулов И. Ш.):
-                     Сатып алуу жана тамактанууну уюштуруу процедураларын өткөрүү үчүн жооптуу кызматтык жактардын жоопкерчилик чараларын аныктасын;
-                     Бишкек шаардык кеңештин жумушчу комиссиясынын материалдарын тийиштүү укук коргоо органдарына жиберүү зарылчылыгын карап чыксын;
-                     Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясына көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.  
2.                Шаардык финансы башкармалыгы (Зарлыков Э. З.) 2013-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө:
-                     тамактануу боюнча кредитордук карызды жоюу графигин даярдасын;
-                     кызмат көрсөтүү жана тамак-аш продуктыларын жеткирүү боюнча векселдик төлөө схемасын иштеп чыксын.
3.                Бишкек шаарынын мэриясынын атаандаштык саясат башкармалыгы (начальниктин милдетин аткаруучу Осоев Д.) 2013-жылдын 2-майына чейинки мөөнөттө:
-                       тамактанууну уюштуруу (мектеп ашканаларынын ижарачылары) боюнча кызмат көрсөтүүгө тендер өткөрүү боюнча процедураны Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирсин.
-                     тендердик комиссиянын курамына жарандык сектордун өкүлдөрүн киргизүү жөнүндө маселени карап чыксын.
4.                 Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы (Тагаева Г. А.), Бишкек шаарынын СЭКМБ (Мамасадыков Н. М.) 2013-жылдын 2-майына чейинки мөөнөттө мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде   балдардын ысык тамактануусун уюштуруу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын (Докенов Э. Ш.) жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын (Токтосартов К. А.) кароосуна берсин.
5.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Докенов Э. Ш.) жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Токтосартов К. А.) жүктөлсүн. 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №21
Бишкек шаардык кеңештин токтому 
 
Бишкек шаарынын географиялык
объекттерин кайра атоо маселелерин
тартипке келтирүү жөнүндө
 
         Бишкек шаарындагы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо, географиялык объекттерди кайра атоо  маселелерин тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 “Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн алдындагы Административдик аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобонун негизинде, Бишкек шаарынын азыркы тарыхый аттарынын маани берүү жана мезгил менен текшерүү зарылчылыгын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.                 Бишкек шаарынын проспекттерин, аллеяларын, аянттарын, шаардык сейил бактарды, саябандарды, көчөлөрдү жана туюк көчөлөрдү кайра атоого мораторий беш жылга жарыялансын.
2.                Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо максатында көрүнүктүү ишмерлердин аттары жаңы түзүлгөн же аты жок географиялык объекттерге гана ыйгарылсын.
3.                Бишкек шаарынын мэриясы:
а) жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын талаптарын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин;
         б)      Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо жана аталыштары жөнүндө   маселелерди   кароодо   Бишкек    шаардык    кеңешке
көчөлөрдү, проспекттерди, аллеяларды, гүл бакчаларды, аянттарды, саябандарды жана сейил бактарды кайра атоо үчүн керектүү чыгымдардын эсебин, ошондой эле калкты маалымдоо жана сурап билүү жөнүндө маалыматтарды берсин        ;
         в) 2013-жылдын 1-майына чейин бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты берсин.
         4.      Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри  А. И. Усубакуновага жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко) жүктөлсүн. 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №22
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаардык кеңештин
президиуму жөнүндө
 
 
Бишкек шаардык кеңештин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.  XXVI чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин президиумунун жеке курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
 
2.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага                                                                        М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №19

Бишкек шаардык кеңештин

                                                                                 2013-жылдын “2” апрелиндеги

                                                                                 №19 токтомуна тиркеме

 

 

XXVI чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин президиумунун жеке курамы

 

Президиумдун төрагасы:

 

Аманкулов Марат Аскерович –Бишкек шаардык кеңештин төрагасы.

 

Президиумдун мүчөлөрү:

 

 Ардамина Любовь Викторовна - Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары;

 Кайыпов Аманбай Кайыпович – көпчүлүк фракциялар коалициясынын жетекчиси, Бишкек шаардык кеңештин “КСДП” саясий партиясы депутаттык фракциясынын лидери;

Бошкоев  Жусуп Бейшекадырович – Бишкек шаардык кеңештин “КСДП” саясий партиясы депутаттык фракциясынын лидеринин орун басары;

 Жеенчороев Мирлан Канатбекович  - Бишкек шаардык кеңештин “Республика” саясий партиясы депутаттык фракциясынын лидери;

 Салиев Союзбек Сатыбалдиевич - Бишкек шаардык кеңештин “Ата-Мекен” саясий партиясы депутаттык фракциясынын лидери;

Сагынов  Таалайбек Джолдошбекович - Бишкек шаардык кеңештин “Замандаш-Современник” саясий партиясы депутаттык фракциясынын лидери;

Лисниченко Валентина Михайловна – Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Докенов Эрнис  Шарапидинович - Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

 Токтосартов Камалдин Акунович - Бишкек шаардык кеңештин  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Адылбеков    Увазарбек    Есенаманович – Бишкек шаардык кеңештин  муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Десятников Павел Николаевич - Бишкек шаардык кеңештин  турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

 Айсаев  Насирдин Асанбекович - Бишкек шаардык кеңештин  жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомчулук менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                                Э. А. Нурдавлетов                             

Бишкек шаардык кеңештин токтому 
 
Бишкек шаардык кеңештин айрым
токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү
 жөнүндө
 
         Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
1.                Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) токтомдун жана анын тиркемелеринин бардык тексти боюнча “аймактык депутаттык топ” деген сөздөр бардык жөндөмөлөрдө алынып салынсын;
б) Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 токтомунун 4-тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 21-декабрындагы № 267 “Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө” токтомунун 4-тиркемеси бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 11-мартындагы № 220 “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” токтомунун тиркемеси бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
4. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 20 “Бишкек шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдү үлүштүк куруу тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомунун 4-пунктундагы “Ар бир аймактык депутаттык топтон шаардык кеңештин бирден депутаты” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан бирден депутат” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 “Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө”  токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары жөнүндө” жобонун 29-пунктундагы:
а) “Бишкек шаардык кеңештин биргелешкен токтому менен” деген сөздөр алынып салынсын;
б) “мэриянын” деген сөздөн кийин “токтому менен” деген сөз кошулсун.
6. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 23-майындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүлөрдү жана Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды белгилөөнү кароо боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомго төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) токтомдун жана анын тиркемелеринин бардык тексти боюнча “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңеши” деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
б) 2.2-пунктундагы “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин биргелешкен токтому менен” деген сөздөр алынып салынсын;
“мэриянын” деген сөздөн кийин “токтому менен” деген сөз кошулсун.
в) 2.3-пунктундагы “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары” деген сөздөр алынып салынсын, “чөйрөнү” деген сөздөн кийин Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары комиссиянын төрагасынын орун басары болуп саналат” деген сөздөр кошулсун;
г) 2.6-пункт алынып салынсын.
7. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 “Муниципалдык менчиктин объекттеринин тиешелүүлүгү маселесин талдоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 1-пункттун 5-абзацындагы “Муниципалдык менчик жана жер маселелери” деген сөздөр “муниципалдык менчик жана жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-пункттун 7-абзацындагы “Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондорунун аймактык депутаттык топторунан экиден депутат” деген сөздөр “8 депутат” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “кеңештин” деген сөздөн кийин “(фракциялары менен макулдашуу боюнча)” деген сөздөр кошулсун;
в) 1-пункттун 8-абзацындагы “мандат, регламент, этика, укук маселелери, жарандардын кызыкчылыгын коргоо жана укук коргоо органдары менен иштөө боюнча” деген сөздөр “регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 1-пункттун 9-абзацындагы “уюштуруу маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдары менен иштөө боюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 1-пункттун 14-абзацы  алынып салынсын.
8. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө” жана “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезегин түзүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө” жобонун 3.2-пунктундагы “Райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси” деген сөздөр “Ар бир фракциядан Бишкек шаардык кеңештин депутаты” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 “Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №151 “Муниципалдык аймактык башкаруулардын ишин мындан ары жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруулардын ишин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын топтомун бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген  “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруулары жөнүндө” жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 15-пункттун е) пунктундагы “аймактык депутаттык топ тарабынан” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “же аймактык депутаттык топтун демилгеси боюнча” деген сөздөр алынып салынсын;
б) 23-пункт төмөнкү редакцияда берилсин “Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын суроо-талабы боюнча МАБлар өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берет”.
10. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 “Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №151 “Муниципалдык аймактык башкаруулардын ишин мындан ары жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруулардын ишин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын топтомун бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө” жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 8-пункттагы “аймактык депутаттык топ менен” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 13-пункттагы “65 жаштан улуу эмес” деген сөздөр алынып салынсын;
в) 14-пункттагы “аймактык депутаттын топтун депутаты” деген сөздөр “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 21-пункттун б) пунктундагы “райондук аймактык депутаттык топ тарабынан” деген сөздөр “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 22-пункттун б) пунктундагы “райондук аймактык депутаттык топ тарабынан” деген сөздөр “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
а) 1995-жылдын 14-июнундагы № 23 “Аймактык депутаттык топтор жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”;
б) 2011-жылдын 20-декабрындагы №295 “Бишкек шаарынын аймагындагы диний уюмдардын, миссиялардын жана миссионерлердин маселелерин кароо боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө”.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                           М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №20