Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолор тутумун  башкаруу жана иштетүү боюнча бирдиктүү шаардык саясатты ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык  акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо, тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө “Бишкек токтомолор жана унаа туруктар” муниципалдык ишканасынан Бишкек шаарынын бюджетине түшүүчү каражаттар боюнча болжол планды Бишкек шаардык кеңешине киргизсин;

 өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

  1. Ушул токтом Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан  мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарттарында жол боюнда муниципалдык токтотмолорду уюштуруу” долбоорун ишке ашырганга чейин иштейт.

 4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык  кеңешинин төрагасы                                                                       Ж. Б. Абиров