Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаарынын коомдук транспортун
өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн
 
 
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы жапыз баскычтуу жана бийик баскычтуу троллейбустарды сатып алууга көмөк көрсөтүү, Бишкек троллейбус башкармалыгынын тийиштүү инфраструктурасын бир аз реабилитациялоо жана Бишкек шаарынын коомдук транспорту менен тейлөө сапатын жакшыртуу максатында,  Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга карата Европалык Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкынан кредит алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн 2012-жылдын 10-декабрындагы №19-05/103 карыздык милдеттенме жактырылсын.
1.                Бишкек шаарынын мэриясы 10,1 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү алынган кредитти, ошондой эле Карыздык милдеттенме тарабынан каралган пайыздарды төлөө үчүн каражаттарды караштырсын жана жоюу графигине ылайык анын жоюлушун  камсыз кылсын.
2.                Бишкек троллейбус башкармалыгына дотациялардын суммасын бөлүү 2012-жылдын деңгээлинен ашпасын.
3.                Бишкек шаарынын мэриясы кредиттерди жана гранттарды алуу маселесин мындан ары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен тийиштүү макулдашууларды алганга чейин Бишкек шаардык кеңеш менен макулдашсын.
4.                Бул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешке 31-декабрга чейин жыл сайын берсин.
         6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин  турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников), Бишкек шаарынын биринчи  вице-мэри М. А. Исмаиловго жана Бишкек шаарынын вице-мэри Т. М. Имашовго жүктөлсүн. 
 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                           М. А. Аманкулов                                                                      
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №18
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
 
Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен
жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборун
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруусуна өткөрүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, 2011-жылдын 14-ноябрындагы «Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга атайын жардам берүүчү моделдик кызматты түзүүдө кызматташуу жана бирге аракеттешүү жөнүндө» келишиминин 4.6.- пунктун аткаруу үчүн, оор жашоо кырдаалына кабылган балдарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
             1. Бишкек шаарынын  мэриясы:
             а)    Бишкек шаарынын бюджетинде камсыздоого каражаттарды караштырсын;
         б) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген
тартипте Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунун мүлкүн муниципалдык менчиктин балансына кабыл алсын;
             в) объекттердин муниципалдык менчик реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
             г) 2013-жылдын 1-майына  чейин бул токтомдун аткарылышыжөнүндө малыматты Бишкек шаардык кеңешке берсин.
        2.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо биринчи вице - мэр М. А. Исмаиловго, вице-мэрлер Б. О. Дюшембиевге, А. И. Усубакуновага жана Бишкек шаардык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  К. А. Токтосартовго жүктөлсүн.
Төрага                                                                                   М. А. Аманкулов                                         
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №16

                                                                                    Бишкек шаардык кеңештин токтому

Көрүнүктүү окумуштуу, изилдөөчү
Ч. Валихановдун атын түбөлүккө
калтыруу жөнүндө
         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 2012-жылдын 22-августундагы №2 чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташуу боюнча иш-чаралар планынын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 9-августундагы №3 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
         1. Чолпон-Ата көчөсү Чокан Валиханов атындагы көчө болуп кайрадан аталсын (чиймеси тиркелет).
         2. Көчөнү кайрадан атоо менен байланышкан чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
         3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулушу боюнча башкы башкармалыгы (А. А. Абдыкаров) эсептик, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
         4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. Усубакуновага жүктөлсүн.
Төрага                                                              М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №15

Бишкек шаардык кенештин токтому

 

Бишкек шаарынын мэриясынын      
муниципалдык баалуу кагаздарын
чыгарууну уюштуруу жана муниципалдык
облигацияларынын эмиссиясынын
шарттарын бекитүү жөнүндө
         Бишкек шаарында социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн эркин акча каражаттарын тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №618 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
         1.      Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык облигацияларынын эмиссиясынын шарттары бекитилсин.
         2.      Бишкек шаарынын мэриясы:
         а) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык облигацияларынын эмиссиясынын проспектисин даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде каттоодон өткөрсүн жана аларды чыгарууну Кыргыз Республикасынын  колдонуудагы мыйзамдарына жана эмиссиянын шарттарына ылайык ишке ашырсын;
         б) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык облигацияларын жайгаштыруудан алынган акча каражаттары Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык облигацияларынын эмиссиясынын сунушталган шарттарына ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын мурда чыгарылган муниципалдык облигацияларынын (МВ 0003) негизги суммасын жоюуга багыттасын.
         3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин   бюджет   жана   финансы     боюнча   туруктуу   комиссиясына  (Э. Ш. Докенов) жана биринчи вице-мэр М.А.Исмаиловго жүктөлсүн.
  
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №11                                                                            
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому 
 
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын
13-октябрындагы «Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү
автомобиль транспорту менен ташууну уюштуруу
эрежесин бекитүү жөнүндө» №264 токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын мыйзамына өз актыларын ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
         1. Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы «Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну уюштуруу эрежесин бекитүү жөнүндө» №264 токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-                     1-пунктунда тексте кездешкен «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2001-жылдын 3-июлундагы № 204 буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежеси» деген сөздөр алып салынсын;
28-пунктун г) подпункундагы «100х50х30» сандары «50х60х100» сандар менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул  токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри Т. М. Имашовго жана Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар  жана  инвестициялар  боюнча   туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жүктөлсүн.
Төрага                                                               М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №17