Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө”, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды таратуу, жайгаштыруу маселелери боюнча мамилелерин регламенттөө максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелери, тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

үч айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирин талдап чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;

         Бишкек шаарынын аймагында орнотулган сырткы жарнаманын жана жарнамалык конструкциялардын объекттеринин реестрине киргизүү боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн.

3. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 261 «Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы, ошондой эле сырткы жарнама каражаттарын жайгаштыруу жана күтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

          4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

          5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                      Ж. Б. Абиров