Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо
зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин
маанисин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1. Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын чектери  тиркелген чиймеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме).
2. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жана Бишкек шаарындагы нарк зоналарынын чектери бекитилсин (2-тиркеме).
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын экономикалык - пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынганга чейин бул токтомдун ченемдеринин иштөөсү улантылат.
5. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №318 “Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин   бюджет    жана   финансы    боюнча    туруктуу   комиссиясына (Э. Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.А.Исмаиловго жүктөлсүн.
Төрага                                                                            М. А. Аманкулов  
              
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №14
Бишкек шаардык кеңештин
2013-жылдын 2-апрелиндеги
№14 токтомуна 1-тиркеме
Бишкек шаарынын экономикалык пландоо
зоналарынын чектери

Бишкек шаардык кеңешинин

2013-жылдын 2-апрелиндеги

N 14 токтомуна
2-тиркеме

Кз зоналык коэффициенттин мааниси жана Бишкек шаарындагы нарк зоналарынын чектери

 

Зоналар

Чектердин жана нарк зоналардын баяндалып жазылышы

1,2

I

Жибек-Жолу проспекти - "Аламүдүн" суусу - М.Горький көчөсү - Тынчтык проспекти - "Ала-Арча" суусу

1,2

II

М.Горький көчөсү - "Аламүдүн" суусу - Ахунбаев көчөсү - М.Джунусалиев көчөсү - Т.Балтагулов көчөсү - Ш.Руставели көчөсү - Ала-Арча суусу - Тынчтык проспекти

1,2

III

Л.Толстой көчөсү - "Ала-Арча" суусу - Ш.Руставели көчөсү - Т.Балтагулов көчөсү - М.Джунусалиев көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Космическая көчөсү - Репин көчөсү

1,2

IV

Чоң Чүй каналы (ЧЧК) - "Ала-Арча" суусу - Л.Толстой көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Джамгирчинов көчөсү - Мессарош көчөсү

1,2

V

ЧЧК - "Аламүдүн" суусу - Жибек-Жолу проспектиси - Ала-Арча суусу

1,2

VI

ЧЧК - Веселая көчөсү - ЧЧКнын (ЧЧЧК) буу түтүгү трассасы боюнча Чыгыш айрылышы түштүк жакка Достоевский көчөсү - Аламүдүн суусу

1,2

VII

Ахунбаев көчөсү - шаардын түштүк чегине чейин - "Аламүдүн" суусу - "Кум-Шагыл" АКсынын аймагынын түштүк тарабынан кирүүчү жол - Семетей көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү

1,125

VIII

Л.Толстой көчөсү - Репин көчөсү - Космическая көчөсү - "Арча-Бешик", "Нижний Орок" конуштарынын түштүк-батыш көрүстөнүнүн аймагын кошо Д.Садырбаев көчөсүнөн батышка Д.Садырбаев көчөсү - Муромская көчөсүнүн уландысы - Тимур Фрунзе көчөсү

0,8

IX

ЧЧК - Мессарош көчөсү - Джамгирчинов көчөсү - П.Лумумбы көчөсү

1

X

Түндүк айланма жолу - Нижняя Ала-Арча айылынын чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү өтүү жол катары А.Елебесов көчөсүнүн түндүккө карай уландысы - А.Елебесов көчөсү - ЧЧК - М.Ганди көчөсү

1,2

XI

ЧЧК - шар аккан суу - Ч.Валиханов көчөсү - ЧЧЧК- түштүк жакка Достоевский көчөсүнүн уландысы - Достоевский көчөсү - Веселая көчөсү

1,2

XII

ЧЧК - "Учкун" кичирайонунан батышка карай - ЧЧЧК - Ч.Валиханов көчөсү боюнча шар аккан суу

1,2

XIII

ЧЧК - П.Лумумбы көчөсү - Джамгирчинов көчөсү - Садыгалиев көчөсү - "Ала-Too" конушунун аймагынан батышка карай темир жол линиясы

1,2

XIV

Түндүк айланма жолу - Курманжан Датка көчөсү - ЧЧК - Нижняя Ала-Арча айылынын чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү өтүү жолу катары А.Елебесов көчөсүнүн түндүккө карай уландысы А.Елебесов көчөсү

0,8

XV

Түндүк айланма жолу - "Бакай-Ата" конушунан батышка карай - ЧЧК - Курманжан Датка көчөсү

1

XVI

ЧЧЧК - "Көк-Жар" конушунан батышка карай - Аламүдүн суусу боюнча зонанын батыш чектери

1,2

XVII

Семетей көчөсү - Иманалиев көчөсү - "Кум-Шагыл" АКсынын аймагынын түштүк тарабынан өтүү жолу "Аламүдүн" суусу - Орто-Алыш суу тосмосунун аймагынан түштүккө карай - Кожобергенов көчөсү боюнча зонанын батыш чеги

1

XVIII

Садыгалиев көчөсү менен кесилишке чейинки темир жол линиясы - Л.Толстой көчөсү - Тимур Фрунзе көчөсү - ЖЭБ-2 аймагынан батышка карай Муромская көчөсүнүн уландысы

0,8

XIX

Түндүк айланма жолу - М.Ганди көчөсү - "Бишкексууканал" ӨЭБнын тазалоочу курулмаларынын аймагынан батышка карай ЧЧК

0,6

XX

Түндүк айланма жолдон түндүккө карай

 

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

 

Э.Нурдавлетов

  

Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаарынын 2011-жылдагы
бюджетинин  аткарылышы жөнүндө
 
         Бишкек шаардык кеңеши 2011-жылы атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттен алынган расмий каражаттарды кошуп алганда шаардын бюджетине  6 032 171, 8 миң сом суммадагы, же такталган планга карата 93,0%   киреше түшкөндүгүн белгилейт. Бюджеттин чыгаша бөлүгү  6 030 302,8 миң сомду, же такталган планга карата 92,9% түздү.
         Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 223 “2011-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2012-2013 -жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомунун 5-пунктуна ылайык шаардын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлдү.
         Отчёттук мезгил ичинде республикалык бюджеттен 1 245 045,5 мин сом түштү, анын ичинде социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатууга 1 034 663,5 миң сом, мектептердин утурумдук ремонтун жүргүзүүгө 10 382,0 миң сом сумма жана Бишкек шаарынын жергиликтүү  бюджетинин алынбай калган кирешесин  компенсациялоого 200 000,0 мин сом сумма түштү. 
         Бюджеттик мекемелердин кредитордук карызы 2012-жылдын 1-январына карата абал боюнча 381 952,2 миң сом түздү, анын ичинде:
         а) шаардык бюджет боюнча - 300 974,6 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча – 241,0 миң сом, медикаменттерди сатып алуу боюнча – 2 287,3 миң сом, тамак-аш продуктыларын сатып алуу боюнча – 7 646,1 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 4 819,8 миң сом, алынган бланктар үчүн “Шуансинь” Кытайлык хромофототипия компаниясынын алдында – 6 049,5 миң сом,   капиталдык салымдар боюнча – 73 011,6 миң сом, чет өлкөлүк кредиттер боюнча – 80 693,4 миң сом, жылуулук энергиясына дотациялар боюнча (БЖЭ, ведомстволук отканалар) – 24 566,1 мин сом, жол куруу боюнча – 26 527,3 миң сом, муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча – 20 098,4 мин сом,  капиталдык ремонт боюнча – 16 191,5 миң сом,  эмеректерди, компьютердик жабдууларды, китептерди, механизмдерди сатып алуу боюнча – 16 676,2 миң сом ж.б.;
         б) Ленин району боюнча - 25 298, 6 миң сом, анын ичинен коммуналдык кызматтар боюнча – 16 266, 4 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 8 040,2 миң сом;
         в) Октябрь району боюнча – 8 435,7 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча -   8 293,6 миң сом жана башкалар – 142,1 миң сом;;
         г) Биринчи май району боюнча – 34 922,3 миң сом, анын ичинен коммуналдык кызматтар боюнча – 7 804,5 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 16 360,1 миң сом, ссуда боюнча - 8 282,5 миң сом жана башкалар -2 475,2 миң сом;
         д) Свердлов району боюнча – 12 321,0 миң сом, анын ичинен коммуналдык кызматтар боюнча – 9 788,3 миң сом,   капиталдык ремонт боюнча – 1 200,0 миң сом жана башкалар – 1 332,7 миң сом..
         Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:                           
1.                Бишкек шаарынын 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана кирешелер боюнча милдеттерди эске алганда 6 095 267,9 мин сом суммада жана чыгашалардан ашкан 64 965,1 миң сом суммадагы кирешени эске алганда 6 030 302,8 мин сом суммадагы чыгашаны эске алуу менен бекитилсин.
2.         Бишкек шаарынын мэриясы;
а) Бишкек шаарынын 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамынын 52-статьясын бузуу менен киргизилгендигин белгилесин;
б) Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамынын талаптарын дайыма бузгандыгы үчүн бул маселени аткаруучуларына (Бишкек шаары боюнча мамлекеттик салык башкармалыгы, Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча мамлекеттик салык башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын эркин экономикалык зоналардын жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн субъекттерин контролдоо боюнча мамлекеттик салык башкармалыгы) тийиштүү чара көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин   бюджет   жана   финансы     боюнча   туруктуу   комиссиясына (Э. Ш. Докенов) жана биринчи вице-мэр М.А.Исмаиловго жүктөлсүн. 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №10
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Жарандардын тизмелерин
макулдашуу жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында, тарыхый салттарды жана заманбап чындыкты, коомчулуктун рухий - нравалык потенциалын сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгын эске алуу менен,  ошондой эле Бишкек шаарынын аймагындагы диний уюмдардын, миссиялардын жана миссионерлердин маселелерин кароо боюнча жумушчу комиссиянын   маалымкатынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.    Жарандардын, “Орус Православ Чиркөөсүнүн (Москва Патриархаты) Орто азия митрополит округу боюнча Бишкек жана Кыргызстан Епархиясы” диний бирикмесин кайра каттоодон өткөрүүнүн диний бирикме уюмдаштыруучу кеңешинин жана демилгечи тобунун мүчөлөрүнүн тизмеси макулдашылсын.
2.    Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына Л. В. Ардаминага жана социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри А. И. Усубакуновага жүктөлсүн.
 
Төрага                                                                        М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №8
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Жарандардын тизмелерин
макулдашпоо жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып жана Бишкек шаарынын диний уюмдарынын ишин ирээтке келтирүү максатында, жумушчу комиссиянын   Бишкек шаарынын аймагындагы диний уюмдардын, миссиялардын жана миссионерлердин маселелерин кароо боюнча маалымкатынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.                Жарандардын, диний уюмдарды түзүүнүн демилгечилери болгон, Кыргыз Республикасына миссионерлерди чакырган Уюмдаштыруу кеңешинин мүчөлөрүнүн төмөнкү тизмелери макулдашылбасын:
-                      Евангелдик –лютерандык чиркөөсү (төрагасы-К.Д.Курбанова);
-                      Жетинчи күндүн Христиан Адвентистеринин чиркөөсү (төрагасы- В.Н. Назименко);
-                     “Кыргыз Республикасындагы Иегованын күбөлөрү” (төрагасы -А. К. Бекманов);
-                     Бишкек шаарынын еврей жамааты (Л. В. Никсдорф);
-                      “Благодать” Евангелдик-христиандык миссионердик борбору (Н. В. Кашицын);
-                     “Обновление”диний уюму (төрагасы- В. Кулешов);
-                     Кыргыз Республикасынын католиктери үчүн менчик ээлеринин Рим-католиктик миссиясы ( Епископ - Н. Мессмер);
-                      “Истина” Христиандык евангелдик-пресвитериандык чиркөөсү (Чиркөө кеңешинин төрагасы-Н. Раздорская);
-                     “Еммануил” пресвитериандык чиркөөсү (Иймам- К. Сафронов).
2.                Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 10-статьясынын 2-пунктуна жана 12-статьясынын 4-пунктунун 3-бөлүгүнө ылайык диний уюмдар жарандардын, диний уюмдарды түзүүнүн демилгечилери болгон Кыргызстанга миссионерлерди чакырган Уюмдаштыруу кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин макулдашуу үчүн диний уюмдарга белгиленген тартипте документтерди берүүсү сунушталсын.
3.                Бишкек шаардык кеңештин атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын бардык тексти боюнча “жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган” деген сөздөрдү алып салуу демилгеси менен кайрылсын.
4.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Л. В. Ардаминага жана социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри А. И. Усубакуновага жүктөлсүн.
 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №9
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын
30-мартындагы №54 “Бишкек шаарынын
аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу
ченин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
 
         Жеке жактардан Бишкек шаарынын  аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымды тескөө механизмин жөнгө салуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.                Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы №54 “Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу ченин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункттагы “2013” деген цифра “2016” деген цифра менен  алмаштырылсын.
2.                Бишкек шаарынын мэриясы бул токтомду ишке ашыруу үчүн  тийиштүү чараларды көрсүн.
3.                Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин   бюджет    жана    финансы    боюнча    туруктуу  комиссиясына (Э. Ш. Докенов)  жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.
Төрага                                                                              М. А. Аманкулов
 

Бишкек шаары,

2-апрель 2013-жыл, №13