Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын
6-июнундагы № 24 “2012-жылга карата Бишкек
шаарынын бюджетин бекитүү жана 2013-2014-
жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”
токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
 
       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 6-июнундагы № 24 “2012-жылга карата Бишкек  шаарынын бюджетин бекитүү жана 2013-2014-жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-пункттун б) кичи пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“б) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамына ылайык 2013-жылдын кабыл алынган бюджетине өз убагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү камсыз кылсын.”.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Докенов Э. Ш.) жана биринчи вице-мэр М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.
 
Төрага                                                                        М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
27-июнь 2013-жыл, №41

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
“Кайыңдуу токойго” шаар курулуш
ишинен бош, кичи райондук маанидеги
бак статусун берүү жөнүндө
 
         “Республика” фракциясынын жана “КСДП” фракциясынын депутаты А. М. Кененбаевдин Бишкек шаарынын № 6 - кичи районунда жайгашкан “Кайыңдуу токойго” статус берүү маселеси боюнча кайрылууларына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 6-февралындагы    № 16 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары К. К. Конгантиевдин маалыматын угуп чыгып, жашыл мейкиндиктерди сактоо, аларды кесүүгө жана санкцияланбаган курулушка жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.    Бишкек шаарынын сейил бактарынын жана гүл бакчаларынын аймагындагы жерлерди пайдалануу маселелерин талдап чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары К. К. Конгантиевдин маалыматы эске алынсын.
2.    Бишкек шаарынын № 6 - кичи районунда жайгашкан “Кайыңдуу токойго” шаар курулуш ишинен бош, кичи райондук маанидеги бак статусу берилсин.
3.    Бишкек шаарынын мэриясы бактын чегин белгилесин, белгиленген тартипте тийиштүү документтерди жол-жоболоштурсун жана кичи райондук маанидеги “Кайыңдуу токой” багын “Жашылдандыруу курулушу” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берсин.
4.    Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага                                                                                 М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №27

Бишкек шаардык кеңештин токтому

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын
2-апрелиндеги № 12 “2013-жылга карата Бишкек
шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-
жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамын аткаруу үчүн, жумушчу комиссиялардын чечимдерин эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 12 “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 1-пункттагы “6 509 218,8”, “4 407 622,6”, “542 616,4”, “541 243,6”, “489 934,7”, “527 801,5” деген сандар тийиштүү түрдө “6 544 218,8”, “4 439 638,1”, “543 918,8”, “540 410,4”, “493 158,4”, “527 093,1” деген сандарга алмаштырылсын;
б) “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1-тиркемелери менен алмаштырылсын;
в) “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1-тиркемелери менен алмаштырылсын;
г) 17-пункттун 6-подпунктунан “2013-жылдын 1-июнуна чейин” деген сөздөрү алынып салынсын;
д) 26-пункттагы “г)” подпункту алынып салынсын;
  
е) токтом төмөнкү мазмундагы пункт менен толукталсын:
“26-1. Бишкек шаардык кеңештин жогорудагы жумушчу комиссиясы Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына Бишкек шаарынын 2013-жылга карата бекиген бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү карап чыгуу сунушу менен 2013-жылдын 20-ноябрына чейинки мезгилде кайрылсын”;
ж) 30-пункттун “д)” подпунктундагы “Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер SOS-орто мектебинин, SOS-Балдар айылы бала бакчасынын чыгымдары” деген сөздөрү алынып салынсын;
з) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функционалдык анализи, Бишкек шаардык өз алыдынча башкаруусунун резерв фондусу жөнүндөгү жобо, Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын финансы-чарбалык ишмердигинин инвентаризациясы жана анализинин жыйынтыгы жөнүндөгү суроолорду изилдеп чыгуу жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизүү максатында түзүлгөн жумушчу комиссиясынын иши бүткүчө 30-пункттун “д)” жана “е)” подпункттарынын аткарылышы токтотулсун;
и) 30-пункт төмөнкү мазмундагы подпункттар менен толукталсын:
“р) Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер SOS-орто мектебинин, SOS-Балдар айылы бала бакчасынын уюмдаштыруучулук документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туураланышы камсыздалсын. Жыйынтыктары жөнүндө кезектеги сессияда маалымдалсын;
с) милициянын участкалык пункттарынын (МУП) жайгашуу жерлери аныкталсын.”
2.   Бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Өмүркуловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                              М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №25

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын
жана чарбалык эсептик уюмдарынын жеке жана
юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү жаатында
ишин жайылтуу жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын жана чарбалык эсептик уюмдарынын   жетекчилеринин Бишкек шаарынын жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү маселелерин өз убагында кароо үчүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.       Бишкек шаарынын мэриясы:
-         Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык алардын өз убагында аткарылбагандыгы үчүн айып пул санкцияларын милдеттүү түрдө кароо менен, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын жана чарбалык эсептик уюмдары тарабынан берилүүчү кызматтарды аткаруу тартибин жана мөөнөтүн жөнгө салуучу документти иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;
-         Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын жана чарбалык эсептик уюмдары тарабынан берилүүчү кызматтарды өз убагында аткарбагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти киргизүү маселесин демилгелөө сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылсын;
-         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүчү Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жана чарбалык эсептик уюмдарынын ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин жөнгө салуучу жоболорду Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;
-         2013-жылдын 10-сентябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалымат берсин.
2.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Омуркуловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №26

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине
муниципалдык менчиктин объекттерин
(турак эмес жайларды) өткөрүп берүү жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын “Турак-жай менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, турак-жай менчик ээлеринин шериктештиктерине турак үйлөрдө жайгашкан турак эмес жайларды өткөрүп берүү маселеси боюнча материалдарды карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.     Бишкек шаарынын мэриясы:
а) “Орто-чыгыш” турак-жай менчик ээлеринин шериктиктери менен лифттер жана лифттик жабдууларын өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга кол коюуну камсыз кылсын; 
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте,    а) кичи пункту аткарылгандан кийин, “Орто-чыгыш” турак-жай менчик ээлеринин шериктиктерине Чыгыш-5 кичи району, № 2- үйдө жайгашкан турак эмес жайларды өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
2. Комиссия турак үйлөрдө жайгашкан муниципалдык жайлардын таандыгын аныктоо жана аларды турак жайдын менчик ээлеринин шериктештерине өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча ишти улантсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага                                                                                 М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №33