Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                                                                                    Бишкек шаардык кеңештин токтому

Көрүнүктүү окумуштуу, изилдөөчү
Ч. Валихановдун атын түбөлүккө
калтыруу жөнүндө
         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 2012-жылдын 22-августундагы №2 чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташуу боюнча иш-чаралар планынын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 9-августундагы №3 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
         1. Чолпон-Ата көчөсү Чокан Валиханов атындагы көчө болуп кайрадан аталсын (чиймеси тиркелет).
         2. Көчөнү кайрадан атоо менен байланышкан чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
         3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулушу боюнча башкы башкармалыгы (А. А. Абдыкаров) эсептик, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
         4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. Усубакуновага жүктөлсүн.
Төрага                                                              М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №15