Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин
ТОКТОМУ

"Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары" 2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын" бекитүү  жөнүндө

КыргызРеспубликасынын"Жергиликтүү өзалдынчабашкаруужөнүндө" мыйзамынын44-беренесинеылайык, КыргызРеспубликасынынПрезидентинин2013-жылдын21-январындагыПЖ№11 Жарлыгымененбекитилген"2013-2017-жылдармезгилинеКыргызРеспубликасынтуруктууөнүктүрүүнүнулуттукстратегиясын" ишкеашыруумаксатында, Бишкекшаардыккеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. "Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары" 2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүпрограммасын" бекитилсин(тиркелет).
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:
  3. Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары" 2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүпрограммасын" аткарууну камсыз кылсын;

-   жылына эки жолу“Ачык мүмкүнчүлүктөр шары”2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүпрограммасын" ишке ашыруунун жүрүшүжөнүндөмаалыматтыБишкек шаардык кеңешке берсин;

  • “Ачык мүмкүнчүлүктөр шары”2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүпрограммасын" ишке ашыруу боюнча иш-аракеттеринин деталдуупланын жыл сайын бекитсин.
  1. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн түзүмүн  жана штаттык санын кайра уюштуруу бөлүгүндө программа буйрук документ болуп саналбайт.
  2. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 24-октябрындагы №338 "2012-2014-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри
К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                                           М. А. Аманкулов

Бишкек шаары, 25-июнь 2014 жыл, №82

Приложения:

Приложение 1

"АЧЫК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ШААРЫ" 2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылга максаттарын/милдеттерин ишке ашыруу Программасы боюнча Бишкек шаарынын мэринин иш-аракеттеринин/милдеттенмелеринин планын” Бишкек шарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан  ишке ашыруу планы”

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясынын  кызматтарынын

жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишинин

натыйжалуулугун камсыздоо боюнча

чаралар жөнүндө

         Бишкек шаардык кеңештин чечимдеринин аткарылбагандыгына жана Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызмат адамдары тарабынан өз милдеттерин тийиштүү аткарылбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-статьясын жетекчиликке алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, автотоктотмолор жана автокоюу жайларынын дирекциясынын директорунун милдетин аткаруучу У. Карагуловго ишеним көрсөтпөө билдирилсин,  Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузууга жол берген Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызмат адамдарынын жоопкерчилик чарасын карап чыксын жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, автотоктотмолор жана автокоюу жайларынын дирекциясынын иши боюнча материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтсүн.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык базарлар, автотоктотмолор жана автокоюу жайларынын дирекциясынын ишин реформалоо боюнча сунушту Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизсин;

б) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Бишкек шаардык кеңешке 2014-жылдын 1-апрелине чейин маалымат берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Л. В. Ардаминага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек шаары,

18-февраль 2014-жыл, №65 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын

28-декабрындагы  №4 “Туруктуу комиссиялардын

курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине

өзгөртүүлөрдү   киргизүү жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып, “КСДП” фракциясынын жетекчиси А. М. Кененбаевдин катына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Кыргызстандын социал - демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Эльвира Кубанычбековна Сариева Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
  2.   “Кыргызстандын социал - демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Адиса Асановна Имангазиева Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
  3. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын  28 - декабрындагы  №4 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө” токтомунун 5 - тиркемесинин 5 - сабындагы “Эльвира Кубанычбековна Сариева” деген сөздөр “Адиса Асановна Имангазиева” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

25-июнь  2014-жыл, №86 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин2014-жылдын

13-мартындагы  № 74 “Бишкек шаарынын

резервдик фонду жөнүндө” жобону бекитүү

жөнүндө” токтому менен бекитилген

“Бишкек шаарынын резервдик фонду

жөнүндө” жобосуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген регламентине ылайык, ошондой эле Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2014-жылдын 2-июнундагы чыгыш №11/16-2-14 катын эске алуу менен,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 13-мартындагы  № 74 “Бишкек шаарынын резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, “Бишкек  шаарынын резервдик фонду жөнүндө” жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Төмөнкүлөр алынып салынсын:

  • III главанын 7-пунктунун 1-абзацындагы “жана башкалар” деген сөздөр;
  • III главанын 7-пунктунун б) кичи пунктундагы “жана башкалар” деген сөздөр;
  • III главанын 7-пунктунун м) кичи пункту.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Л. В. Ардаминага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

25-июнь  2014-жыл, №87 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун

жана протоколдук тапшырмаларынын

аткарылышы жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын  аткарылышы жөнүндө маалыматын карап жана талдап чыгып, Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы  боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын  аткарылышы боюнча иши жетишсиз деп табылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэри - К. К. Кулматов:

а) Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын  аткарылышын камсыздоо боюнча чара көрсүн;

б) көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча маалыматты Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Л. В. Ардаминага жана Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

25-июнь  2014-жыл, №81