Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Тазалык” муниципалдык ишканасындагы

иштердин абалы жөнүндө

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын (мындан ары-“Тазалык”  МИси) катуу тиричилик таштандыларды (мындан ары- КТТны) өз убагында ташып чыгарууну жана көмүүнү камсыздоо, шаарды санитардык тазалоо, адистештирилген автотранспортту калыбына келтирүү жана алардын линияга чыгуусу  боюнча, иштелген убакыттын автомашиналарынын рейстеринин учёту, күйүүчү-майлоочу материалдарды чыгымдоо, кредиттик карызды төлөө,   КТТны ташып чыгаруу жана утилизациялоого келишимдерди түзүү үчүн  көрүлүүчү чаралар боюнча жооптуу кызматкерлердин ишин, ошондой эле  бир канча жылдан бери алмаштырылбаган Бишкек шаардык таштанды полигонунун абалын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө ишин карап чыгып, Бишкек шаарынын санитардык жана экологиялык кызматтары тарабынан берилген корутундулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин турак жай  коммуналдык чарба, отун-энергетикалык  комплекс, транспорт, коммуникациялар жана  инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясынын  “Тазалык” муниципалдык ишканасындагы иштердин абалы жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
  2. Бишкек шаарынын мэри (К. К. Кулматов):
  3. “Тазалык” МИсинин бюджеттик каражаттардын, ошондой эле  чарбалык эсептик иштен түшүүчү  каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздасын;
  4. жеке жана юридикалык жактардын дебитордук карызын төлөтүү, кредитордук карызды азайтуу, анын ичинде өткөн жылдардын карызын азайтуу боюнча чара көрсүн;
  5. “Тазалык” МИсинин дебитордук жана кредитордук карыздарынын түзүлүү себептерин талдап чыксын;
  6. калк  жана  менчиктин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын аймагындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер менен КТТны ташып чыгаруу жана көмүү  үчүн каражаттарды чогултуу, келишим түзүү, кызматтардын бардык керектөөчүлөр жөнүндө маалыматтар базасын түзүү боюнча ишти күчөтсүн;
  7. КТТны ташып чыгаруу менен алектенген жеке компанияларды тартуу боюнча ишти күчөтсүн;
  8. “Тазалык” МИсинин материалдык-техникалык жактан камсыздалышын жакшыртуу, жаңы механизмдерди жана машиналарды сатып алуу, өндүрүштүк базаны өнүктүрүү боюнча маселени карап чыксын;
  9. Бишкек шаардык таштандылар полигонун иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген талаптарга жана ченемдерге ылайык чара көрсүн;
  10. Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте “Тазалык” МИсинин төмөнкү жооптуу кызматкерлеринин: КТТны ташып чыгаруу жана көмүү маселелери, автотранспорттун чыгуусу, шаарды санитардык тазалоо, Бишкек шаардык таштандылар полигонунун абалы үчүн жооп берүүчү начальниктин орун басарларынын, ошондой эле Бишкек шаардык таштандылар полигонунун участка начальнигинин, финансылык-экономикалык бөлүмдүн начальнигинин, абоненттик кызматтын начальнигинин жана “Тазалык” МИсинин башкы бухгалтеринин ээлеген кызмат орунуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени карап чыксын;
  11. Бишкек шаардык кеңештин турак жай  коммуналдык чарба, отун-энергетикалык  комплекс, транспорт, коммуникациялар жана  инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясы тарабынан белгиленген  кемчиликтерди жоюу боюнча чара көрсүн жана бул токтомдун аткарылышы жөнүндө 2014-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке маалымат берсин.
  12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай  коммуналдык чарба, отун-энергетикалык  комплекс, транспорт, коммуникациялар жана  инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы П. Н. Десятниковго жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу О. В. Попиковго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

25-июнь  2014-жыл, №85