Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

2013-жылдын 19-ноябрындагы №50 Бишкек

шаардык кеңештин “Ачык сынактын негизинде

Бишкек  шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө”

жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын, Бишкек шаардык кеңештин регламентинин жана Бишкек шаарынын прокуратурасынын каршылыгынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы №50 «Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

         Төмөнкүлөр алынып салынсын:

  • жобонун 12-пунктунун 3) кичи пункту;
  • «Бишкек шаарынын каттамын пайдалануу укугу үчүн акы төлөө наркынын эсеби» (тартылган транспорттон тышкары муниципалдык ишканалардын каттамдарынан башка) №7 тиркемеси;
  •  «Келишимдин баасы» №9 тиркеменин 2-главасынын 4-, 5-пункттары;

- «Тараптардын милдеттери» №9 тиркеменин 4-главасынын 8-пунктунун 4-абзацы.

2.  Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык   кенешинин турак-жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П.Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице - мэри Т. М. Имашовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

 

Бишкек шаары,

25-июнь 2014-жыл, №84

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Тазалык” муниципалдык ишканасындагы

иштердин абалы жөнүндө

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын (мындан ары-“Тазалык”  МИси) катуу тиричилик таштандыларды (мындан ары- КТТны) өз убагында ташып чыгарууну жана көмүүнү камсыздоо, шаарды санитардык тазалоо, адистештирилген автотранспортту калыбына келтирүү жана алардын линияга чыгуусу  боюнча, иштелген убакыттын автомашиналарынын рейстеринин учёту, күйүүчү-майлоочу материалдарды чыгымдоо, кредиттик карызды төлөө,   КТТны ташып чыгаруу жана утилизациялоого келишимдерди түзүү үчүн  көрүлүүчү чаралар боюнча жооптуу кызматкерлердин ишин, ошондой эле  бир канча жылдан бери алмаштырылбаган Бишкек шаардык таштанды полигонунун абалын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө ишин карап чыгып, Бишкек шаарынын санитардык жана экологиялык кызматтары тарабынан берилген корутундулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин турак жай  коммуналдык чарба, отун-энергетикалык  комплекс, транспорт, коммуникациялар жана  инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясынын  “Тазалык” муниципалдык ишканасындагы иштердин абалы жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
  2. Бишкек шаарынын мэри (К. К. Кулматов):
  3. “Тазалык” МИсинин бюджеттик каражаттардын, ошондой эле  чарбалык эсептик иштен түшүүчү  каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздасын;
  4. жеке жана юридикалык жактардын дебитордук карызын төлөтүү, кредитордук карызды азайтуу, анын ичинде өткөн жылдардын карызын азайтуу боюнча чара көрсүн;
  5. “Тазалык” МИсинин дебитордук жана кредитордук карыздарынын түзүлүү себептерин талдап чыксын;
  6. калк  жана  менчиктин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын аймагындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер менен КТТны ташып чыгаруу жана көмүү  үчүн каражаттарды чогултуу, келишим түзүү, кызматтардын бардык керектөөчүлөр жөнүндө маалыматтар базасын түзүү боюнча ишти күчөтсүн;
  7. КТТны ташып чыгаруу менен алектенген жеке компанияларды тартуу боюнча ишти күчөтсүн;
  8. “Тазалык” МИсинин материалдык-техникалык жактан камсыздалышын жакшыртуу, жаңы механизмдерди жана машиналарды сатып алуу, өндүрүштүк базаны өнүктүрүү боюнча маселени карап чыксын;
  9. Бишкек шаардык таштандылар полигонун иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген талаптарга жана ченемдерге ылайык чара көрсүн;
  10. Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте “Тазалык” МИсинин төмөнкү жооптуу кызматкерлеринин: КТТны ташып чыгаруу жана көмүү маселелери, автотранспорттун чыгуусу, шаарды санитардык тазалоо, Бишкек шаардык таштандылар полигонунун абалы үчүн жооп берүүчү начальниктин орун басарларынын, ошондой эле Бишкек шаардык таштандылар полигонунун участка начальнигинин, финансылык-экономикалык бөлүмдүн начальнигинин, абоненттик кызматтын начальнигинин жана “Тазалык” МИсинин башкы бухгалтеринин ээлеген кызмат орунуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени карап чыксын;
  11. Бишкек шаардык кеңештин турак жай  коммуналдык чарба, отун-энергетикалык  комплекс, транспорт, коммуникациялар жана  инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясы тарабынан белгиленген  кемчиликтерди жоюу боюнча чара көрсүн жана бул токтомдун аткарылышы жөнүндө 2014-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке маалымат берсин.
  12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай  коммуналдык чарба, отун-энергетикалык  комплекс, транспорт, коммуникациялар жана  инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы П. Н. Десятниковго жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу О. В. Попиковго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

25-июнь  2014-жыл, №85 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын

19-ноябрындагы №47 “Бишкек шаарынын

врач-педиатрынын  депозитижөнүндө” жобону

бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңештин регламентин,  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы №47 “Бишкек шаарынын врач-педиатрынын депозити жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун киришмеси төмөнкү редакцияда берилсин:

 “Жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн ишке тартуу жана иштеп калуусун бекемдөө, Бишкек шаарынын жаңы конуштарын жана Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын, балдарга дарылоо иштерин алдын-алууну камсыздоочу  врач-педиатрлар, врач-неонатологдор жана  врач-реаниматологдор менен комплектөө, жаш медициналык кызматкерлерге финансылык жактан колдоо көрсөтүү, жаш адистердин иштөөсү үчүн социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш”.

  1.   Жобонун 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“Депозиттин максаты - бул кадр маселесин чечүү, тактап айтканда шаардын жаңы конуштарын жана Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын (мындан ары - ШМТЖБКО), врач-педиатрлар, врач-неонатологдор жана врач-реаниматологдор менен камсыздоо болуп саналат.”.

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына      (Сариев А. Т.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри                        М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасы  

                                                                      М. А. Аманкулов

Бишкек шаары,

22-май 2014 жыл, №79

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын

эсебинен өз ишин жүзөгө ашыруучу туруктуу

комиссиялардын төрагалары жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө”  жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалары өз ишин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын  эсебинен (туруктуу негизде) жүзөгө ашырсын.
  2. Бишкек шаарынын мэри  К. К. Кулматов 2014-жылдын 1-июнуна чейин Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында эки иш бөлмө  бөлүп берсин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын ишин материалдык-техникалык камсыздоону карап чыксын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Л. В. Ардаминага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек шаары,

22-май 2014 жыл, №80

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын мэринин

отчёту жөнүндө

 

         Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовдун  демилгеси боюнча киргизилген  2014-жылдын 100 күнү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын иши жөнүндө отчётун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовдун  100 күн үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын иши жөнүндө отчету эске алынсын.
  2. Бишкек шаарынын мэри  К. К. Кулматов:

а) талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлер 2014-жылга Бишкек шаарынын мэриясынын иш-планында эске алсын;

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 2014-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын иш жөнүндө отчётун  Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

 

Бишкек шаары,

22-май 2014 жыл, №78