Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Турак эмес жайларды № 3 тизмектен № 1 тизмеге

 жана № 1 тизмекке которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынаылайык, муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Тунгуч" кичирайонундагы № 57 үйдүн биринчи кабатында жайгашкан жалпы аянты 1106,2 чарчы метр турак эмес жайларды № 3 тизмектен № 1 тизмеге жана № 1 тизмекке которууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы (К.К.Кулматов):

а) жогоруда аталган жайларды № 5 ҮБМБнын ыкчам башкаруусуна бекитүүнү сунуштасын;

б) Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясына Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтомуменен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлккө чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобогоБишкек шаарынын мэриясы тарабынан № 1 тизмеге жана № 1 тизмекке, № 3 тизмекке киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Бишкек шаардык кеңеш менен макулдашуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун долбоорун даярдасын жана киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь 2014-жыл, № 92 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

2015-жылга Бишкек шаарынын

жергиликтүү бюджеттинин баштапкы

долбоорун макулдашуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылга карата кирешелер боюнча Бишкек шаарынын бюджетинин баштапкы долбоору 7 678 626,8 миң сом суммада макулдашылсын.

2. Бишкек шаарынын 2015-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 1, 1-2, 1-3-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов) 2014-жылдын 1-августуна чейин, 2015-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча жергиликтүү бюджеттин баштапкы долбоорун Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашууну жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

Төрага

 

          М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №91 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын 2013-жылдагы

бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңеши 2013-жылы атайын каражаттарды жана  республикалык бюджеттен  алынган расмиий каражаттарды кошуп алганда шаардын бюджетине  6 243 220,1 миң сом суммадагы,  же  такталган планга карата 91,4%   киреше түшкөндүгүн  белгилейт. Бюджеттин чыгаша бөлүгү  6 300 908,8миң сомду, же такталган планга карата 91,9% түздү.

         Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги №12  “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-жылдарга карата болжолу жөнүндө” токтомунун 5-пунктуна ылайык шаардын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлдү.

         Отчеттук мезгил ичинде  республикалык бюджеттен  115 922,7 миң сом түштү, анын ичинде Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын утурумдук ремонтуна - 9 176,2 миң сом сумма, калкты  жылуулук энергиясы менен камсыздоо жана жаратылыш газы үчүн карызды төлөө чыгымдарына - 47 200,0 миң сом сумма, муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин  эмгек акысын жогорулатууга - 39 546,5 миң сом сумма, Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун имаратынын ремонт жумуштарына - 10 000,0 миң сом сумма,  Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-кеңешин өткөрүүгө даярдануу алкагында Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык, коомдук имараттардын жана курулмалардын тышкы жарыктандыруусун жакшыртууга - 10 000,0 миң сом сумма.

         Бюджеттик мекемелердин кредитордук карызы 2014-жылдын 1-январына карата абал боюнча 555 127, 2 миң сом түздү, анын ичинде:

         - шаардык бюджет боюнча - 362 629,7 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча – 56 519,7 миң сом, дары-дармектерди сатып алуу боюнча – 5 903,8 миң сом, тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча – 25 193,6 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча – 2 242,0 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 7 334,8 миң сом, алынган лотерея бланктары боюнча “Шуансинь” Кытайлык хромофототипия компаниясынын алдында – 6 049,5 миң сом, капиталдык салымдар боюнча – 33 033,7 миң сом, жылуулук энергиясына дотациялар боюнча (БЖЭ, ведомстволук отканалар) – 4 575,0 миң сом, жол куруу боюнча – 41 758,8 миң сом, муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча – 17 893,6 миң сом, жол чуңкурларын ремонттоо боюнча – 5 928,9 миң сом, бюджеттик мекемелерди капиталдык ремонттоо боюнча – 13 138,5 миң сом, эмерек, компьютердик жабдууларды, китептерди, механизмдерди сатып алуу боюнча - 7 901,5 миң сом жана башкалар;

         - Ленин району боюнча - 55 651,8 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча - 17 905,9 миң сом, тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча – 16,5 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча – 1 894,8 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 25 499,3 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 8 040,2  миң сом жана башкалар;

         - Октябрь району боюнча – 61 823,0 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча - 22 943,2 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча- 2 959,6 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 33 448,5 миң сом жана башкалар;

         - Биринчи май району боюнча – 46 913,6 миң сом, анын ичинен  эмгек акы жана  Социалдык фондго төгүмдөр боюнча - 13 154,6  миң сом, тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча – 183,6 миң сом,  калкка  жеңилдиктер боюнча – 973,8 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 15 363,4 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 16 360,1 миң сом жана башкалар;

         - Свердлов району боюнча – 28 109,1 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча – 16 068,8 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча – 11 793,8 миң сом жана башкалар.

         Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана кирешелер менен чыгашалар боюнча милдеттерди эске алуу менен  6 318 837,3 миң сом суммада бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго салык жана жыйымдар боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерин кызматка дайындоого макулдук берүүдө, алардын бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландуу көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча мурунку ишин эске алуу сунушталсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                                    М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №89 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын

18-мартындагы № 77 “2014-жылга карата Бишкек

шаарынын бюджетин бекитүү жана 2015-2016-

жылдарга карата болжолу жөнүндө” токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 18-мартындагы № 77 “2014-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2015-2016-

жылдарга карата болжолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

  1) 1-пункттагы “4 917 421,0”, “561 138,3”, “557 446,6”, “489 658,7”, “549 150,4”, деген цифралар тийиштүү “4 953 568,7”, “560 226,2”, “556 449,9”, “489 215,4”, “549 181,5” деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) 16-пункттун 13-кичи пунктундагы “502,75” деген цифра “508,25” деген цифра менен алмаштырылсын;

3) 22-пункт алынып салынсын;

4) 24-пунктундагы “19 199,7” деген цифра “22 181,6” деген цифра менен алмаштырылсын;

5) “2014-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

6) “2014-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1-тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

       2. Бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык кирешелер жана чыгашалар боюнча атайын каражаттардын пландык суммасы 33 826,7 миң сом суммага көбөйтүлсүн.

       3. Бул токтомдун 4-тиркемесине ылайык чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бекитилсин.

       4. 6-тиркеме бул токтомдун 5-тиркемесинин таблицасы менен толукталсын.

       5. 3-тиркеме бул токтомдун 6-тиркемесинин редакциясында берилсин.

6. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов) муниципалдык жерлерди жана мүлктү ижаралоо боюнча коюлган пландык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри           К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

 

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №90 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын

2-апрелиндеги №12 “2013-жылга Бишкек

шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-

жылдарга божомолу жөнүндө” токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 12“2013-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө”токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

       1) 1-пункттагы “6 712 958,1”, “4 615 340,6”, “542 478,0”, “537 164,9”, “493 337,7”, “524 636,9” деген цифралар тийиштүү түрдө “6 831 730,8”, “4 667 901,0”, “558 901,7”, “554 071,6”, “509 834,8”, “541 021,7” деген цифралар менен алмаштырылсын;

       2) “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

       3) “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

       2. Бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бекитилсин.

       3. Бул токтомдун 4-тиркемесине ылайык атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгалашардын өзгөртүлгөн көрсөткүчтөрү бекитилсин.

       4. 6-тиркемедеги “борбордук көчөлөрдүн жарыктануусуна - 122,5 миң сом” деген сөздөр алынып салынсын жана Ленин районунун 708-саптагы 3-тилке “№ 1 МАБдын борбордук көчөлөрүн жарыктануусуна – 122,5 миң сом” деген сөздөр менен толукталсын.

       5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына      (Докенов Э. Ш.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри                         М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                         М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №88