Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын муниципалдык

менчигинин негизги каражаттарынын

реестринен алуу  жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 27-июлундагы №308 көрсөтүүсүн негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын балансынан Баткен областынын Лейлек районунун “Кулундук” жалпы дарыгерлик практика борборунун балансына медициналык жабдууларды өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Бишкек  шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчик башкармалыгы (А. М. Омуралиев)  Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин негизги каражаттарынын  реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге  жүктөлсүн.

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №97 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясынын

түзүмдүк бөлүмүн түзүүгө макулдук

берүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, шаардын коммуналдык кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле катуу тиричилик таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу чөйрөсүндө жеке компанияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  “Тазалык” муниципалдык ишканасын өзгөртүп уюштуруу жана  анын курамынан санкцияланган таштанды төгүүчү жайды бөлүү жолу менен Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү -“Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:
  3. Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тийиштүү иш-чаралар комплексин белгиленген тартипте жүргүзсүн;
  4. бул токтомду ишке ашыруу максатында ченемдик укуктук актыларды Бишкек шаардык кеңештин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизсин;
  5. пайдалануучулардын бардык топтору үчүн  бул токтом кабыл алынып жаткан учурдагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга тарифтерди сактоо боюнча  региондорду өнүктүрүү Европалык банкы менен сүйлөшүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
  6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу О. В. Попиковго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №96 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин ХХVI

чакырылышынын депутаттарына берилген

шайлоочулардын сунуш-талаптарын 

ишке  ашыруу боюнча иш-чаралар планын

бекитүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын  22- жана 23-беренелерине, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 27-июнундагы № 39 “Бишкек шаардык кеңештин ХХVI чакырылышынын депутаттарына  берилген шайлоочулардын сунуш-талаптары жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Бишкек шаардык кеңештин ХХVI чакырылышынын депутаттарына берилген шайлоочулардын сунуш-талаптарын  ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы”  тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бишкек шаарынын мэриясы:

   а) Бишкек шаардык кеңештин ХХVI чакырылышынын депутаттарына берилген шайлоочулардын сунуш-талаптарын  ишке ашырууга  каражаттарды Бишкек шаарынын бюджетинде жыл сайын карасын;

  б) экономикалык жана социалдык өнүктүрүү пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, башка маселелерди чечүүдө Бишкек шаардык кеңештин ХХVI чакырылышынын депутаттарына берилген шайлоочулардын сунуш-талаптарын эске алсын;

  в) кийинки отчёттук жылдын 1-февралына чейин  жыл сайын кабыл алынган сунуш-талаптардын   аткарылышынын жүрүшү  жөнүндө Бишкек шаардык кеңешке маалымат берсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын  контролдоо  Бишкек   шаарынын       мэри   К. К. Кулматовго,   Бишкек   шаардык   кеңештин   фракцияларына “КСДП” (А. М. Кененбаев),  “Республика” (М. К. Жеенчороев), “Ата-Мекен”(С.С. Салиев), “Замандаш-Современник”  (Т. Дж. Сагынов) жана Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жана коомдук уюмдар менен  иштөө туруктуу  комиссиясына (Н. А. Айсаев) жүктөлсүн.                                                                   

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                       М.  А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №94 

Приложение к постановлению (pdf, 837 Kb)

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык

менчик башкармалыгынын начальнигинин

милдетин аткаруучунун ишин канааттандыраарлык

эмес деп табуу жөнүндө

         Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын кайрылуусун карап жана Бишкек шаардык кеңештин депутаты К. К. Конгантиевдин  “Бишкек  шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу А. М. Омуралиевдин ишин канааттандыраарлык  эмес деп табуу жөнүндө” маалыматын угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек  шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу А. М. Омуралиевдин жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү аткарбагандыгы үчүн иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэри (К. К. Кулматов) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек  шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу А. М. Омуралиевге карата чара көрсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жүктөлсүн.

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №95 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана

Өкмөтүнүн Иш башкармасынын автомашинасын

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине

бекер кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык мекемелерин кызматтык автотранспорт менен камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын автомашинасын (2002-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 40620D23091071, чанак  № 31100020531921 “ГАЗ-3110 маркасы)  Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине бекер кабыл  алууга Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте макулдук берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь  2014-жыл, №93