Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

“Тазалык” муниципалдык

ишканасынын иши жөнүндө

Жергиликтүү бюджеттен жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын (мындан ары- “Тазалык” МИси)  чарбалык  эсептеги иштен түшүүчү  акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан 2014-жылдын 22-сентябрынан тартып 25-сентябрын кошуп алганга чейин өткөрүлгөн жолугушуулардын жүрүшүндө  коммуналдык ишкананын ишине карата кабыл алынган Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун өз убагында аткаруу боюнча чараларды кабыл алуу  максатында, “Тазалык” МИсинин канааттандыраарлык эмес иши жөнүндө шаардыктардын көптөгөн кайрылууларын эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө” маалыматы эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишин контролдоо жаатындагы иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

3. Ал түзүлгөн учурда жок болгон, “Тазалык” МИсинин кредитордук карызынын системалуу өсүп жаткандыгы белгиленсин, бүгүнкү күндө карыз  250976, 12 миң сомду түзөт (ишкана 2008-жылдын 1-августунда түзүлгөн).

4. Бишкек шаарынын мэриясы:

- “Тазалык” МИсинин начальниктеринин иштеген мезгилинде түзүлгөн социалдык фонд жана салыктар боюнча карызы жөнүндө маалыматтарды карап чыксын жана ишкананын ар бир начальнигинин иштеген мезгили үчүн түзүлгөн карыздары боюнча тийиштүү анализ жүргүзсүн;

- карызды жоюу боюнча таасирдүү чараларды көрсүн;

- чарбалык эсептик иштен жана жергиликтүү бюджеттен түшүүчү финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу  жаатында “Тазалык” МИсине аудитордук текшерүүнү дайыма жүргүзсүн;

- Бишкек шаардык таштанды полигонунда  таразаны жана видео байкоо камерасын тез калыбына келтирүү боюнча чара көрсүн;

- Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 27-июнундагы №85 “Тазалык” муниципалдык ишканасындагы иштин абалы жөнүндө” токтомун аткаруу боюнча чара көрсүн;

5. Бул  токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай- коммуналдык чарба, отун -энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н.Десятников) жана Бишкек шаарынын мэриясынын вице- мэри М. Н. Саккараевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                       М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

14-октябрь 2014-жыл, №98