Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Турак жай менчик ээлеринин шериктигине жалпы мүлктү жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, Кыргыз Республикасынын "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 "Муниципалдык менчиктин объекттеринин тиешелүүлүгү маселесин талдап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтому менен түзүлгөн комиссиянын материалдарын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте, Манас проспекти, үй № 2 "а" дарегинде жайгашкан жалпы мүлктү "Жашыл үй" турак жай менчик ээлеринин шериктиктигинин жалпы үлүштүк менчигине өткөрүп берсин жана муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 токтому менен бекитилген турак үйлөрдө жайгашкан муниципалдык жайлардын тиешелүүлүгүн табуу жана аларды турак жай ээлеринин шериктиктиктерине өткөрүп берүүнүн мындан аркы мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча комиссия бул багытта ишти улантсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К.К.Конгантиев) жана Бишкек шаарынын мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 27-сентябры, № 201