Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш”

муниципалдык ишканасынын начальниги

А. М. Атантаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө

“Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы  тарабынан Бишкек шаарынын бак-дарактарынын абалына контролдун жоктугу жөнүндө Бишкек шаарынын тургундарынын көптөгөн кайрылууларын, Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун аткарбагандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”  мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Өз милдеттерин тиешелүү аткарбагандыгына байланыштуу “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын начальниги - Анвар Мирзагелдиевич Атантаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.

 

 2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдорунун аткарылышы боюнча чара көрсүн:

    2014-жылдын 18-февралындагы №66 “Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан коллектордук-дренаждык тармактардын иштөөсүн жана күтүүнү камсыздоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө”;

    2014-жылдын 14-октябры № 99 "Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш" муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө”;

2009-жылдын 30-июнундагы №78 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган бак-дарактарды жана ирригацияны кесүү жана көчүрүү тартиби, ошондой эле  аларды кесүүдө, көчүрүүдө жана жок кылууда бак-дарактардын жана ирригациянын наркын компенсациялоо жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө”;

бир айлык мөөнөттө коллектордук-дренаждык тармактардын иштөөсүн жана күтүүнү камсыздоо боюнча чара көрсүн;

    2015-жылдын 1-сентябрына чейин  ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешке берсин.

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ч. К. Шейшекеевага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь 2015-жыл,  № 148  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бакаев – Айни  көчөлөрүнүн кесилишинде

жайгашкан гүлбакчаны көрктөндүрүү жөнүндө

Бишкек шаарын дүйнөдөгү эң жашыл шаарлардын бири катары кайра калыбына келтирүү,  Бакаев – Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Журналисттердин аллеясы”  катары белгилүү болгон гулбакчанын бак дарактарын  көрктөндүрүү жана сактоо  максатында, Бишкек шаардык кеңештин “КСДП”, “Республика”, “Ата-Мекен” жана “Замандаш-Современник”  фракцияларынын  кайрылуусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын  жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте  Бакаев-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан  гулбакчаны көрктөндүрүү боюнча төмөндөгү  иш чараларды  ишке ашырууга  көмөктөшсүн:

      жашылдандырууга жана  бак дарактарды кароого;

тазалыкты сактоого;

жарык кылуучу  алеттерди  орнотууга;

      гүлбакчанын инфраструктурасын реконструкциялоого жана кичи   архитектуралык формаларды орнотууга;

      каржылоону  камсыздоого жана өз убагында  акча каражатын бөлүп берүүгө.

 2. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов)  Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

Бишкек шаарынын сейилбактарында, гүлбакчаларында, бакчаларында  жайгашкан бардык автомобилдик май куюучу станциялар боюнча Бишкек шаардык кеңешке маалымат берсин;

Бишкек шаарындагы жалпы пайдалануу жерлеринин (сейилбактар, гүлбакчалар, бакчалар) аймагын  аныктасын жана  жер участокторго укук тастыктоочу жана укук белгилөөчү документтерди даярдасын;

жалпы пайдалануу жерлерине (сейилбактар, гүлбакчалар, бакчалар) укук тастыктоочу жана укук белгилөөчү документтерди даярдоого жана каттоодон өткөрүүгө акча каражат тапсын;

Кыргыз Республикасынын  мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте сейилбактарда, гүлбакчаларда жана бакчаларда жайгашкан автомобилдик май куюучу станциялар үчүн берилген жер участокторго ижара келишимин узартпоо мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.

 3. Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаарынын вице-мэри, Бишкек шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментини директору жана Архитектура жана шааркуруу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги  Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык мэриясынын 1998-жылдын  3-апрелиндеги  № 229  токтомун  жокко чыгаруу боюнча  соттук  териштирүүнү  контролго алышсын.

 4. Бишкек шаарынын ИИББсынын начальниги (К. А. Джунушалиев) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте гүлбакчанын аймагында укук тартипти жана коопсуздукту  камсыз кылууда чара көрсүн.

 5. Архитектура жана шааркуруу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. А. Абдиев) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

а)   уруксат берүүчү документтерди берүүдө бекитилген Бишкек шаарынын    шаар курулуш документтерин жетекчиликке алсын;

б) Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңешинин жыйынында төмөнкүлөрдү карасын:

жогоруда аталган гүлбакчаны пайдалануу боюнча 2007-жылдын 28-сентябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө;

гүлбакчаны көрктөндүрүүнүн долбоорун.

 6. 2015-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты берсин.

 7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына                  (П. Н. Десятников),бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ш. Докенов) муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана  Бишкек шаарынын мэрине (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

 

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл,  № 137   

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын

уставынын долбоорун талкуулоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”  мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын мэриясы (К. К. Кулматов) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

Бишкек шаарынын жарандарынын жыйындарында Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулоо өткөрүүнү сунуштасын;

жарандардын жыйындарын өткөрүүдө Бишкек шаарынын мэриясынын ар бир муниципалдык аймактык башкармалыгынан 100 өкүлдөн кем эмес жыйында  катышкандарды тартуу менен Бишкек шаарынын төрт административдик районунда Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулоону уюштурсун;

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттын уставынын долбоорун талкуулоону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосунан кийин өткөрсүн.

 2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин.

 

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Айсаев) жана Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь 2015-жыл,  № 149  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын көчөсүн

атоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаарында топонимика жана ысымдарды түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2014-жылдын 22-апрелиндеги  жыйынынын № 2 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Бишкек шаарынын «Джал-23» кичи районундагы И. Ахунбаев көчөсүнөн «Онтарио» комплексине чейинки  жаңы түзүлгөнкөчөгө «Онтарио» аталышы ыйгарылсын (схема тиркелет).

 

 2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.

 

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Бишкек шаардык архитектура жана шааркурулушу боюнча башкы башкармалыгы                   (Б. А. Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура  боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэрине (Б. О. Дюшембиев)  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                           М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

30-июнь 2015-жыл,  № 150 

   СХЕМА

  

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Кувейт  Мамлекетинин муниципалитетинин

делегациясынын визитин уюштуруу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин президиумунун 2015-жылдын 28-майындагы № 19 токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кувейт Мамлекетинин муниципалитетинин делегациясынын визитин Программага ылайык уюштурууга макулдук берилсин (тиркелет).

 

 2. Программага ылайык чыгымдарды каржылоого “Өкүлчүлүк чыгымдар” беренеси боюнча 2015-жылга Бишкек шаардык кеңештин чыгымдар сметасында каралган акча каражаттарды пайдаланууга уруксат  берилсин.

 

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин фракцияларынын лидерлерине жүктөлсүн.

Төрага                                                                              М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл,  № 136