Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу

жөнүндө

М. А. Аманкуловдун  өзүнөн депутаттын жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын  ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арызына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 31-пунктунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Марат Аскерович Аманкулов Бишкек шаардык кеңештин төрагасы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2.     Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №1 “Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3.     Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары                                         Ч. К. Шейшекеева

 Бишкек ш.,

 20-октябрь 2015-жыл, №153

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча

башкаруусунун үлүштүк (дем берүүчү)

гранттардын эсебинен кошо каржылоого

долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясы (мындан ары-комиссия) тиркемеге ылайык түзүлсүн.

2.  Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык финансы башкармалык (Э. З. Зарлыков) менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү менен 2016-жылга үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду аныктоо жана даярдоо боюнча  маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзсүн.

3.  Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин:

артыкчылыктуу тартипте 2016-жылга сынакка багытталуучу долбоорлордун тизмегин;

комиссия жөнүндө жобону жана анын иш-регламентин.

4.  Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасына (А. М. Кененбаев) жана Бишкек шаарынын мэрине     (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                          А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

8-декабрь 2015-жыл,  № 157 

                      Бишкек шаардык кеңештин

                                                                                          2015-жылдын “8” декабрындагы

                                                                                          №157  токтомуна тиркеме 

 

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун

үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен

кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча

комиссиясынын курамы

 

Комиссиянын төрагасы – Бишкек шаарынынбиринчи вице-мэри;

Төраганын орун басары –Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана

                                                финансы боюнча туруктуу комиссиясынын

                                                төрагасы;

Комиссиянынкатчысы –Бишкек шаардык финансыбашкармалыгынын

                                               кызматкери.

Комиссия мүчөлөрү:

1.       Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан өкүлдөр;

2.       Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик агенттиктин өкүлү;

3.       Бишкек шаардык финансы башкармалыктын өкүлү;

4.       Административдик райондордун экономика жана финансы маселелерин тейлеген башчынын орун басарлары;

5.       Өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын өкүлдөрү белгиленген квотага ылайык.

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                            Э. А. Нурдавлетов

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-июнундагы

№75 “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” токтому  менен бекитилген “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

         Бишкек шаардык кеңештин токтомун Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын  30-июнундагы №75 “Бишкек шаарынын  жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” токтому  менен бекитилген “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө” жобого (мындан ары-жобо) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жобонун 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“7. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жана Бишкек шаарынын мэри “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” (“За заслуги перед городом Бишкек”) орденин же “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” (За безупречную службу городу Бишкек”) медалын тапшырууда сыйлануучу субъектке кошумча эстелик белек тапшырыша алат.”;

жобонун 13-пунктундагы “Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин биргелешкен чечими” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын чечими” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жобонун 14-пунктундагы “Бишкек шаарынын мэри” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жобонун 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“28. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” ардактуу наамын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын ыйгарууга келип түшүүчү документтер Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссия тарабынан каралат.”;

жобонун 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“29. Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын буйругу менен комиссиянын жеке курамы Бишкек шаардык кеңештин төрагасынан, төраганын орун басарынан, фракциялардын лидерлеринен, Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынан, социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэринен, Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинен түзүлөт.”;

жобонун 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“30. Комиссиянын төрагасы болуп Бишкек шаардык кеңештин төрагасы саналат. Комиссиянын катчысы болуп Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси саналат.”;

жобонун 31-пунктундагы “анын курамына кирбеген” деген сөздөр алынып салынсын;

жобонун 32-пунктундагы “Бишкек шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын биргелешкен токтому менен” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын буйругу менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын.”;

жобонун 41-пунктундагы “комиссиянын катчысында болот” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңеште белгиленген тартипте түзүлөт, жол-жоболоштурулат жана Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивине өткөрүлүп берилгенге чейин сакталат” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;

жобонун 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“42. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары менен сыйлоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, Бишкек шаарынын мэри, ошондой эле, алардын тапшыруусу боюнча башка кызмат адамдары тарабынан сыйлануучунун өзүнө 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Шаар күнүнө карата  салтанаттуу түрдө  жүзөгө ашырылат.”;

жобонун 43-пунктундагы “Бишкек шаарынын мэриясы” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңеш тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;

жобонун 44-пунктундагы “төш белгилер” деген сөздөрдөн кийин “Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан даярдалат жана” деген сөздөр менен толукталсын.

2.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

3.    Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча  туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко) жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                           А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

8-декабрь 2015-жыл,  № 160  

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин токтомун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.                Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 “Бишкек  шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобону  бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген  “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө”  жобого (мындан ары-жобо) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жобонун 3-главасы төмөнкү редакцияда берилсин:

“1. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча ишти уюштуруу Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктар боюнча комиссиясы (мындан ары -комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.”;

2.    Комиссия өз ишин ушул жобого, Бишкек шаарынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.”;

жобонун 5-главасынын 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“1. Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын грамотасы жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын күбөлүгү Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жана Бишкек шаарынын мэри тарабынан кол коюлат.”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча  туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                             А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

2015-жыл  8-декабрь, № 161 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин  2015-жылдын

20-майындагы №129 “Бишкек шаарынын билим берүү

уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө”

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Сапаттуу жана балансталган тамактандырууну камсыздоо жолу менен мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдардын  ден соолугун чыңдоо үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, Бишкек шаарынын мектептеринде окуган балдардын тамактануусун уюштуруунун экономикалык натыйжалуу тутумун түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:                              

1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы №129 “Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

2-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “2016-жылдын 1-июнуна чейин муниципалдык билим берүү уюмдарында балдардын тамактануу рационунан генномодификацияланган (ГМО) азыктарды жана химиялык жана биологиялык тектүү тамак-аш кошулмаларды  алып салуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе бюджеттик каражаттарды тартуусуз  талданып чыксын”.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актыларынын  мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул  токтомдун аткарылышын  контролдоо  Бишкек                        шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу                комиссиясына  (А. Т. Сариев) жана  Бишкек шаарынын вице-мэри                                            А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

Төрага                                                                                   А. М. Кененбаев

 

Бишкек ш.,  

8-декабрь 2015-жыл ,  № 159