Бишкек шаардык кеңешинин
"Жаңы күч-Новая сила"
фракциясы тарабынан
иштелип чыккан долбоор
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137
"Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137 " Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
8-пункттагы "жана жер участогун алмаштыруу" деген сөздөрдөн кийин "же маалымкат берүү" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү маазмундагы 9.1-пункт менен толукталсын:
«9.1. Маалымкат берүүнү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырат:
ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчүнүн негизинде 3 жумуш күн ичинде суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуш максаттарын, шаар куруу документтерине шайкештигин аныктайт жана анын жыйынтыгы боюнча жер участкасын пайдаланууга уруксат берилген бардык түрлөрү жана жер участкасынын функционалдык максаты көрсөтүлгөн маалымкат берет;
жер участогун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жана жер участогунун функциялык багытын аныктоо мүмкүн болбогон учурда, ушул жобого ылайык комиссия аркылуу бул маселени андан ары кароо үчүн ыйгарым укуктуу органга жооп жиберет;
төмөнкү мазмундагы 31.1-пункт менен толукталсын:
«31.1. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалымкатынын негизинде ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте жер участогун пайдаланууга уруксат берилген жана жер участогунун функционалдык максатынын көрсөтүлгөн түрлөрүнүн эң жогорку ставкалары боюнча ижара төлөмдөрүн эсептөөнү жүргүзөт жана арыз берүүчү менен 3 жумуш күн ичинде мурдагы шарттарда кошумча келишим түзөт.
Эгерде жаңы эсептөө учурунда ижара төлөмдөрү келишимдин мурдагы шарттарына караганда жогору болсо, анда ижара төлөмдөрүн эсептөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жаңы эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлөт жана кошумча келишимде көрсөтүлөт.".
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
2025-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө тиешелүү мекемелер менен биргеликте административдик-аймактык реформанын алкагында жаңы кошулган аймактарды эске алуу менен Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча жаңы эрежелерин иштеп чыгып, Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;
белгиленген тартипте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Д. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага Б. Усеналиев
Бишкек шаардык кеңешинин
"Жаңы күч – Новая сила"
фракциясынын лидери К. Конгантиев
Маалымкат негиздеме (docx.14kb)
Салыштырма таблица (docx.15kb)