Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «___» _______
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
«Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасын Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
Жарандардын эс алуу укугун коргоо, оюн-зоок жайларынан жана курулуш иштеринен келип чыккан түнкү ызы-чууну азайтуу максатында, «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасын Мыйзамын, Кыргыз Республикасын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын аймагында көп батирлүү үйлөрдө, мейманканаларда, отелдерде, жатаканаларда жана турак үйлөргө тийиштүү аймактарда, жеке турак үйлөрдү куруу зоналарында, билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактарында жана жайларында төмөнкүдөй учурларда жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбей тургандыгы белгиленсин:
- телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөр, күркөөлөр, павильондор, лотоктор), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубдар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануу жайларында (кафелер, тойканалар, барлар, ашканалар) орнотулган түзүлүштөрдү пайдаланууда;
-музыкалык аспаптарда ойноодо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоодо;
- күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратууда;
- пиротехникалык каражаттарды пайдаланууда;
- адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө (анын ичинде көчүү, эмеректерди жылдыруу), тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүүдө.
2. Ушул токтом «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жеке, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын төмөнкүдөй аракеттерине жайылтылбайт:
- укук бузуулардын алдын алууга жана калктын жашоо-тиричилигин камсыздоочу объекттердин иштешине багытталган;
- долбоордук-курулуш документтерине ылайык өндүрүштүк-техникалык шарттарга байланыштуу токтотулушу мүмкүн болбогон иштерди жүргүзүү боюнча;
- тиешелүү конфессиялардын канондук талаптарынын алкагында диний табынууну, анын ичинде азан чакырууну жүзөгө ашырууда;
- массалык коомдук иш-чараларды, анын ичинде расмий, дене тарбия, спорттук, маданий иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүдө.
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 48 «Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскертүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
- «Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды музыкалык коштоодо «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык саат 22:00дөн кийин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол бербөө сунушталат.».
4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басарына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Салыштырма таблица (docx.16kb)


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

