Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууну улантуу үчүн кредиттик жана гранттык каражаттарды тартууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен калкты тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн жаңы троллейбустарды сатып алуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаарынын мэриясына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча эки транш менен жаңы троллейбустарды сатып алууга 7,9 млн. евро суммасында каражаттарды тартууга макулдашууларды белгиленген тартипте түзүүгө макулдук берилсин:

-          биринчи транш 4,7 млн. евро (анын ичинде3,0 млн.евро кредит жана1,7 млн.евро грант);

-          экинчитранш 3,2 млн.евро (анын ичинде2,0 млн.евро кредит жана 1,2 млн.евро грант).

2.  Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

-          Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча кредиттик жана гранттык каражаттарды тартууга карата макулдашууларга, ошондой эле тийиштүү карыздык милдеттемеге кол коюу боюнча ишти жүргүзсүн;

-          берилүүчү кредиттик жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, каралган иш-чараларды өз убагында аткарууну камсыздасын;

-          шаардын бюджетинде пайыздарды эске алуу менен алынган кредитти төлөө үчүн каражаттарды карасын,  жоюу графигине ылайык аны жоюуну камсыздасын.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Десятников П. Н.), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Г. А. Милицкийге жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                           А. М. Кененбаев

 

Бишкек ш.,

25-декабрь  2015-жыл, №168

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги

№118 “2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү

жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө”

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги №118 “2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 1-пунктундагы “7 745 321,1”, “5 033 515,6”, “678 014,9”, “699 534,2”, “621 926,3”, “712 330,1” деген цифралар тийиштүү түрдө “7 833 218,5”, “5 074 587,0”, “687 225,5”, “707 206,2”, “645 972,3”, “718 227,5” деген цифраларга алмаштырылсын;

2) “2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1,    1-1, 1-2, 1-3 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

3) “2015-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

4) 16-пункттун 2-кичи пунктундагы “жалпы билим берүү уюмдарындагы” деген сөздөрдөн кийин “6000 сом кызматтык айлык акысы менен” деген сөздөр менен толукталсын;

5) 16-пункту төмөндөгү мазмундагы 17-пунктча менен толукталсын:

“17) 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып “Мурас-Ордо” конушунун балдарын Аламүдүн районунун Степное айылындагы “Келечек” мектебине ташууну уюштурууга карата”;

6) 22-пунктундагы “106 077,8” деген цифра “128 557,2” деген цифрага алмаштырылсын.

       2. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттар боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөрү бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

       3. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бул токтомдун 4-тиркемесине ылайык бектилсин.

       4. 6-тиркеме бул токтомдун5-тиркемесинин таблицасы менен толукталсын.

       5. 7-тиркеме бул токтомдун 6-тиркемесинин таблицасы менен өзгөртүлсүн жана толукталсын.

       6. Бишкек шаарынын мэриясына:

шаардык жана райондук бюджеттер ортосунда өз ара эсептер боюнча 2015-жылда алынбай калган кирешенин натыйжасында түзүлгөн карызды эсептен чыгаруу жүргүзсүн;

 “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишкана” муниципалдык ишканасына 2016-жылда кийинки милдеттүү узартуу менен кайтарма негизде 16 000,0 миң сом суммада бюджеттик ссуданы бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э. Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (З. Т. Малабеков) жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                          А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

25-декабрь  2015-жыл, №167

  ТИРКЕМЕЛЕР

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 22-майындагы  №80

“Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен өз ишин

жүзөгө ашыруучу туруктуу комиссиялардын төрагалары жөнүндө”

токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө”  мыйзамынын 13-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 22-майындагы  №80 “Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен өз ишин жүзөгө ашыруучу туруктуу комиссиялардын төрагалары жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

“бюджет жана финансы боюнча” деген сөздөр “регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары                А. А. Пирматовага жүктөлсүн.

Төрага                                                       А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

8-декабрь  2015-жыл, №165

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

 

“Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү”долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө" Кредиттик макулдашууну; 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу Гранттык макулдашууну; 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (фаза II)" долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 157-б буйругун аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын түштүк аймагын суу менен жабдуу жана агынды сууларды бөлүштүрүү системаларынын инженердик инфраструктурасы менен камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) 8 000 000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндө кредит алуу жактырылсын.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте 8 000 000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндө алынган кредитти жана пайыздарын жоюу булагы болуп,  жаңы курулуш объектилерин курулган суу менен жабдуу жана канализация тармактарына кошууга Бишкек шаарынын түштүк аймагынын куруучуларынан алынган каражаттар аныкталсын;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте 8 000 000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндөгү кредитти  жана пайыздарын,  бюджеттик каражаттарды тартуусуз, анын ичинде Бишкек шаарынын түштүк аймагынын куруучуларынын каражаттарынын эсебинен жоюуну камсыз кылсын;

-долбоорду ишке ашырууда кредиттик каражаттардын кайтарылышы камсыз кылынган шартта суу түтүктөрүнө жана канализация тармактарына Бишкек шаарынын конуштарын кошуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкексууканал” ӨЭБсы менен бирдикте үлүштүк каражаттарды чогултуу тартиби жөнүндө жобону даярдасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешке бекитүүгө киргизсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин  бюджет  жана  финансы  боюнча  туруктуу комиссиясына (Докенов Э. Ш.), турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникация жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Десятников П. Н.), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жана Бишкек шаарынын вице-мэрлери Б. О. Дюшембиевге жана Э. К. Исаковго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                       А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

8-декабрь  2015-жыл, №166

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин2012-жылдын 28-декабрындагы 

№ 4 “Туруктуу комиссиялардын курамын түзүү жөнүндө”

токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү   жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Төмөнкүлөр чыгарылсын:

а) Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер,  укук  тартиби боюнча  туруктуу комиссиясынын курамынан:

Жеенчороев Мирлан Канатбекович - “Республика” фракциясынын мүчөсү;

Шейшекеева Чынара Казаковна - “Замандаш-Современник” фракциясынын мүчөсү;

б) Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы  боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан:

Кененбаев Алмаз Муканович Бишкек шаардык кеңештин төрагасы- “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү;

- Кулбаева Аида Абдирейимовна - “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү;

Пирматова Асель Айтбаевна - Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, “Республика” фракциясынын мүчөсү;

Сагынов Таалайбек Джолдошбекович - “Замандаш-Современник” фракциясынын мүчөсү;

в)  Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан:

Музуралиев Канатбек Байсарыевич - “Республика” фракциясынын мүчөсү;

Епифанцев Станислав Викторович - “Замандаш-Современник” фракциясынын мүчөсү;

г)  Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын курамынан:

Джумакеева Майя Таштанбековна - “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү;

Алимбеков Хасанбек Исраилович - “Республика” фракциясынын мүчөсү.

2.  Төмөнкүлөр киргизилсин:

а)  Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер,  укук  тартиби боюнча  туруктуу комиссиясынын курамына:

Музуралиев Канатбек Байсарыевич - “Республика” фракциясынын мүчөсү;

 Акматова Каныкей Болотбековна - “Замандаш-Современник” фракциясынын мүчөсү;

б) Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына:

Чепеев Калыбек Чепеевич - “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү;

Джумакеева Майя Таштанбековна - “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү;

Алимбеков Хасанбек Исраилович - “Республика” фракциясынын мүчөсү;

Айдаралиев Таалайбек Байсулдаевич - “Замандаш-Современник” фракциясынын мүчөсү;

в)  Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына:

Шейшекеева Чынара Казаковна - “Замандаш-Современник” фракциясынын мүчөсү;

г) Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын курамына:

Кулбаева Аида Абдирейимовна - “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү;

Ырсалиев Жамалбек Самарбекович - “Замандаш-Современник” фракциясынын мүчөсү.

3.  Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын  28 - декабрындагы  № 4 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор  киргизилсин:

а)  1-пункттун 3-сабындагы “Жеенчороев Мирлан Канатбекович” деген сөздөр “Музуралиев Канатбек Байсарыевич” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 1-пункттун 6-сабындагы “Шейшекеева Чынара Казаковна” деген сөздөр “Акматова Каныкей Болотбековна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 2-пункттун 5-сабындагы “Кененбаев Алмаз Муканович “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын лидери” деген сөздөр “Чепеев Калыбек Чепеевич - “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) 2-пункттун 7-сабындагы “Кулбаева Аида Абдирейимовна” деген сөздөр “Джумакеева Майя Таштанбековна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

д)  2-пункттун 9-сабындагы “Сагынов Таалайбек Джолдошбекович” деген сөздөр “Айдаралиев Таалайбек Байсулдаевич” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

е) 2-пункттун 11-сабындагы “Пирматова Асель Айтбаевна” деген сөздөр “Алимбеков Хасанбек Исраилович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

ж) 3-пункттун 2-сабындагы “Епифанцев Станислав Викторович” деген сөздөр “Шейшекеева Чынара Казаковна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

з) 3-пункттун 5-сабы алынып салынсын;

и) 6-пункттун 3-сабы алынып салынсын;

к) 6-пункттун 4-сабындагы “Джумакеева Майя Таштанбековна” деген сөздөр “Кулбаева Аида Абдирейимовна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                            А. М. Кененбаев 

                                         

Бишкек ш.,

8-декабрь  2015-жыл, №164