Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу борбор калаабыздын тургундары!

Сиздерди келе жаткан Жаңы 2016-жылыңыздар менен куттуктайм!

Кирип келе жаткан жыл көп жаңы ачылыштардын жылы болсун!

Жаңы жыл мамлекетибиздин өсүп өнүгүшү, стабилдүүлүгүнүн бекемдеши үчүн жасалып жаткан ишибизде чоң ийгиликтерди алып келсин. Жаңы жылда ар бир үйдө кут, береке жана жакшы маанай болушуна тилектешмин!

Терең урматым менен,

Бишкек шаардык кеңешинин

Төрагасы                                                                                    Алмаз Кененбаев

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын  2015-жылдын 23-июлундагы №76 токтомунун жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде Бишкек шаардык кеңеш  кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын   курамына документтерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.

Бишкек шаардык кеңеш  кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын   курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча коомдук бирикмелерге жана шайлоочулардын чогулушуна кайрылат жана документтерди жана  коомдук бирикмелер менен шайлоочулардын чогулуштарынын талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдорун кабыл алуу 2015-жылдын 3-августунан 10-августуна чейин күнүгө саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин жүргүзүлөөрүн маалымдайт. Документ тапшыруу 2015-жылдын 10-августунда саат 18.00 дө аяктайт. Кабыл алуу Бишкек шаары, Чүй проспекти,166 дарегиндеги №212, 218 кабинеттерде жүргүзүлөт.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын  атынан  бардык айымдардарды  8 март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм!

Чын жүрөктөн сиздерге кааларым , үй бүлөлүк бакыт,тынчтык, бекем ден-соолук!

Ар дайым сиздер жакындарыңыздардын камкордугунда бакубат өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин. 

                                                                                Сиздерди урматтап , төрага

                                                                                                Марат Аманкулов 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан жана өз атымдан сиздерди жаратылыштын жаңылануусунжар салган, чоң тарыхы бар айкөлдүктүн жана ынтымактын майрамы болгон Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!

Күн менен түн теңелип, жыл алмашып жаңы жыл келип отурат. Нооруз майрамы жерибизди жамандыктан аластатып, элибизге береке-кут,тынчтык, бейпилдик жана ырыскы, мамлекетибизге өнүгүү алып келсин, ар бирибиздин жүрөгүбүздү ыйманга, дасторконубузду нанга толтурсун!

Терең урматым менен,

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                Марат Аманкулов   

Бишкек шаардык кеңешинин XIX сессиясы болуп өттү.Сессияда  Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын иши,  “Бишкек шаардык санитардык полигонунун абалы” тууралуу маалыматтар угулду. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары санитардык полигондун кызматкерлери менен жана полигонго жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары менен нечен ирет кездешишкен. Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү берген баа боюнча борбор калаадагы полигондун санитардык абалы өтө оор.Таштанды-бул жугуштуу оорулардын булагы, жана ошондой эле ал жерде  ар кандай  жан-жаныбарлардын сөөктөрү жана терилери чогултулган.

Кенен маалымат...