Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 5-октябрь № 96

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо;

2-тиркемеге ылайык, жер участокту ижаралоонун типтүү келишими;

3-тиркемеге ылайык, муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдалануусунун түрлөрү.

2. Бишкек шаарынын мэриясы жер участокту түзүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү  маселесин белгиленген тартипте карап чыксын жана бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна өз сунуштарын киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.


Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 5-октябрь № 93

Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 “Муниципалдык менчик объекттердин тиешелүүлүгү маселени талдап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

         Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Турак жай кодекстерине жана  Кыргыз Республикасынын “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 “Муниципалдык менчиктин объекттеринин тиешелүүлүгү маселени талдап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтому менен түзүлгөн комиссиянын курамынын актуалдуулугун таануу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 “Муниципалдык менчиктин объекттеринин тиешелүүлүгү маселени талдап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1-пунктта:

3-абзацтагы “вице-мэр” деген сөздөр “мэрдин орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору.”;

төмөнкү мазмундагы 6-абзац менен толукталсын: “Комиссиянын катчысы: тейлеген Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директорунун орун басары.”;

7-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “Бишкек шаардык кеңешинин ар бир фракциясынан бирден депутат;”;

8, 9 жана 12-абзацтар алынып салынсын;

10-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын мэриясынын юридикалык бөлүмүнүн начальниги;”;

11-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “”Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын начальнигинин орун басары;”;

14-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов муниципалдык администрацияларынын башчыларынын орун басарлары;”;

2-пунктта:

“маселени киргизсин” деген сөздөр “маселе киргизилсин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңеши” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пункттагы “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин инвестициялар, муниципалдык менчик, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга (Филатов А. В.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу О. С. Тарбинскийге” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик  маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                             К. Конгантиев

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 5-октябрь № 90

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № ПЖ 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № ПЖ 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына жана “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө” убактылуу жобого ылайык,  Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын даярдоо жана өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Элдик Курултайдын (мындан ары –Курултай) делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10.00дө, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 251 (Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы) дарегинде чакырылсын.

2. 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр бекитилсин:

2-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү  боюнча график;

3-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүгө жооптуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси.

4. Төмөнкүлөр белгиленсин:

Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жумушчу топтун катышуучуларынын жалпы саны – 500 делегат;

бөлүштүрүү ченеми: Ленин району – 125 делегат; Октябрь району – 140 делегат; Биринчи май району – 101 делегат; Свердлов району - 134 делегат.

5. Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктугунун өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ:

2013-жылдын 26-октябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрсүн;

алдыда боло турган Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө Бишкек шаарынын калкын маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;

уюштуруу маселелер боюнча башка тийиштүү чараларды көрсүн;

жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча  Бишкек шаарынын 60 (алтымыш) делегатка документтердин тийиштүү топтомун Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетине жөнөтсүн.

6. Бишкек шаарынын мэриясы  Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К. К. Конгантиевге, Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. К. Абдиевге жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри Э. М. Абдыкадыровго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                             К. Конгантиев

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 5-октябрь № 92

Бишкек шаарында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү ченемин белгилөө тууралуу

         Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 “Жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2007-жылдын 9-июлундагы № 339 “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу”;

2022-жылдын 29-июнундагы № 42 “Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”;

2012-жылдын 26-апрелиндеги № 308 “Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 токтому менен бекитилген “Бишкек шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө” жана “Бишкек шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2017-жылдын 3-октябрындагы № 32 “Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө” жана “Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө” жоболорун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”;

2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 “Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”.

2. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын мэриясынын мурда кабыл алынган токтомдорундагы техникалык каталдарды четтетүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган документтер менен иштөөнүн ички регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын.

3. Бишкек шаарында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү ченеминин өлчөмү шаар куруу документтерине ылайык белгиленет жана 0,04 гектардан кем эмес болбошу жана 0,06 гектардан ашпашы керек.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик, жер  пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                             К. Конгантиев

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 14-июль № 89

“Жер участокторду алмашууга макулдук берүү жөнүндө”

Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына, Башкармалыктын 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 23602 катына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлгөн 2023-жылдын 25-апрелиндеги чыгыш № 11/733 катка ылайык (тиркелет), Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте муниципалдык жер участокторду алмашууну жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы аларды өткөрүп бергенге чейин алмаштырылуучу жер участокторду баалоону жүргүзсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин тейлеген орун басарына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                 К. Конгантиев

 

Тиркеме (pdf. 1130 kb)