Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин токтому

2023-жылдын 25-апрели № 77

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2

токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине толуктоо киргизүү тууралуу

Бишкек шаардык кеңешинин экономика,  бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын ишин активдештирүү жана  натыйжалуулугун камсыздоо максатында, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларынын кайрылууларынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин 38-пункту төмөнкү мазмундагы 5-абзац менен толукталсын:

“Бишкек шаардык кенешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча  туруктуу комиссиянын курамына азыркы депутаттык чакырылыш тарабынан түзүлгөн ар бир фракциядан бирден өкүл кириши зарыл.”.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага                                                                                 К. Конгантиев

 

Бишкек шаардык кеңешинин токтому

2023-жылдын 25-апрели № 82

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны»

наамын ыйгаруу жөнүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары боюнча комиссиянын протоколдорунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      2022 - жылга "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:

Осмонов Кыргызбай Арапбаевич –Кыргыз Республикасынын эл жана эмгек сиңирген артисти;

Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич – Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты;

Сайрамбаев Досжан Шамшыкович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу;

Торобаев Эргеш – Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги, Кыргыз Ресубликасынын Жогорку Кеңешинин төрт чакырылышынын депутаты;

Долоталиева Дамира Темирбековна – Кыргызтстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн ишканалары ассоциациясынын президенти, “Дордой” СБКсынын профсоюздарынын төрагасы;

Дуйшекеев Азамат Качкынович – Бишкек шаары боюнча Кыргыз Республикасынын Дзюдо улуттук федерациясынын өкүлчүлүгүнүн президенти;

Акназарова Роза Корчубековна - экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.

2.   Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин                2007-жылдын 19-мартындагы № 311 “Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын белгилеринин, грамоталарынын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону озүмдө калтырам.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            К. Конгантиев

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 25-апрели № 75

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча № 26 Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 51 участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу"  жобону жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 4-апрелиндеги кайрылуусун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча № 26 Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 51 участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмеси Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.

2.        Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Председатель     

Бишкекского городского кенеша                                           К. Конгантиев                                                                                                                          

Тиркеме (excel/132kb)

Бишкек шаардык кеңешинин токтому

2023-жылдын 25-апрели № 79

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу

комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын,  Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын, ошондой эле социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссияларынын чечимдерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын орун басарлары болуп бекитилсин:

регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча – Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович;

социалдык маселелер боюнча – Давыдов Эрмырза Давыдович.

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун 3-абзацындагы “Давыдов Эрмырза Давыдович” деген сөздөр “Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3-пункттун 3-абзацындагы “Идырова Рамина Рамазановна” деген сөздөр “Давыдов Эрмырза Давыдович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Төрага                                                                                 К. Конгантиев  

 

        

 

Бишкек шаарынын мэринин 2022-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын иши тууралуу отчет

Бишкек шаарынын мэри Э. М. Абдыкадыровдун 2022-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын иши тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык,   Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэри Э. М. Абдыкадыровдун 2022-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын иши тууралуу отчету эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэри (Э. М. Абдыкадыров):

туруктуу комиссиялардын чечимдерин жана Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясында айтылган депутаттардын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алсын;

Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорунун жана тескемелеринин аткарылышын контролдоону күчөтсүн жана өзүнүн жеке контролуна алсын;

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кенен маалымат...