Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 25-апрель № 81

Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, муниципалдык менчиктин объекттеринин пайдаланылышын талаптагыдай контролдоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Муниципалдык менчиктин объекттеринин реестри, тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
жарандарга талдап чыгуу үчүн, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттеринин реестрине кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылсын;

муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрин жеткиликтүү иштеп чыксын жана бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин  сессиясынын кароосуна киргизсин;
алты айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын бардык муниципалдык мүлкүнүн бирдиктүү реестрин түзсүн;
2024-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө калган объекттерге укук белгилөөчү документтерди жол-жоболоштурсун.

3.  Төмөнкүлөргө кайрылсын:
Бишкек шаары, Абсамат Масалиев көчөсү, 26 дарегинде азыр «United World International School» жайгашкан жер участок боюнча маалымат берүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин оперативдүү башкаруусунан жогоруда көрсөтүлгөн мектеп азыр жайгашкан  жер участоктун жеке менчикке же пайдаланууга өтүүсүнүн мыйзамдуулугун текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен Бишкек шаарынын прокуратурасына.

4. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалына Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жооптуу кызматкерлерине архивдик материалдарга кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылсын.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы № 28 «Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                 К. Конгантиев

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 30-май № 86

 

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү боюнча (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) тутумдарынын ишин камсыздоо, насостук-энергетикалык жабдууларды модернизациялоону, суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоону, үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарын өз убагында жана техникалык тейлөөнү, керектөөчүлөргө коопсуздук стандарттарына жана гигиеналык талаптарга ылайык келген сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү, агынды сууларды кабыл алууну жана суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүүнү тийиштүү зарыл деңгээлде кармоо, ошондой эле финансылык милдеттемелерди аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 1-июнунан тартып төмөнкү тарифтер бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө;

2-тиркемеге ылайык, көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө.

2. Бишкек шаарынын мэриясына жана “Бишкексууканал” ӨЭБсына төмөнкүлөр тапшырылсын:

“башка керектөөчүлөр” категориясы үчүн ичүүчү сууга жана агындыларды кабыл алууга тарифтерди көбөйтүү тууралуу маселени иштеп чыгуу, ошону менен бирге, сууну көп пайдалануучу ишканалар (мончо, сауна, автожуугучтар, мал союучу жайлар жана башкалар) үчун керектөөчулөрдүн төртүнчү категориясын өзүнчө бөлүү жана алар үчүн “башка керектөөчүлөр” категориясына караганда тарифти жогору белгилөө жана жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүү;

Бишкек шаарынын ЖЭБсына ичүүчү суунун ордуна техникалык суу берүү маселесин талдап чыгуу;

“Арча-Бешик” конушунун аймагын пилоттук долбоор үчүн аныктоо менен, “Бишкексууканал” ӨЭБсынын керектөөчүлөрүнө муздак сууну эсептөө приборлорун орнотуу боюнча пилоттук долбоорду үстүдөгү жылдын                      4 айынын ичинде жайылтуу;

үстүдөгү жылдын аягына чейин Бишкек шаарынын керектөөсү үчүн тазаланган агынды сууларды (техникалык суу) пайдалануу мүмкүнчүлү максатында тазалоо курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча стратегиялык планды иштеп чыгуу.

 

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 118 «Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 24-октябрындагы № 119 «Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу cуу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

 

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана турак жай-коммуналдык чарба маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасынын милдетин
убактылуу аткаруучу                                                              Ж. А. Абдраимов

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 30 май № 88

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын,   Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т. Б. Усубалиевдин катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын мүчөсү - Т. Ж. Сариев экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын.

2. “Ынтымак” фракциясынын мүчөсү – Т. Ж. Сариев жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

2-пункттун 4-сабы алынып салынсын;

6-пункт төмөнкү мазмундагы 7-сап менен толукталсын: “7. Сариев Таалайбек Жолбошбаевич – “Ынтымак” фракциясынын мүчөсү”.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

 

Төраганын милдетин
убактылуу аткаруучу                                                                    Ж. Абдраимов

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 30 май № 87

2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2025-2026-жылдарга болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

конуштар статусунан толук баш тартуу жана 2024-жылга карата аларды шаардын кичирайондорунун катарына киргизүү жөнүндө маселени карасын;

шаардын мектептеринин ар бир окуучусуна окуу убагында  ар бири 30дан ашык белгилүү музейлерди кыдыруусуна мүмкүндүк берүүчү программаны иштеп чыксын жана ишке ашырсын;

Чүй областындагы Ысык-Ата районунда турган жаңы суу насостук горизонтторду өздөштүрүү жөнүндө маселени талдап жана иштеп чыксын;

жеке жактар тарабынан лизингге коомдук транспорт  сатып алуу боюнча программаны иштеп чыксын;

окуучуларды мектеп автобустары менен камсыздоо маселесин карап чыксын;

коомдук транспорттун иштөөсүнүн айланма тутумун уюштуруу маселесин карап чыксын;

“Кумайык” программасын иштеп чыксын жана ишке ашырсын;

2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2025-2026-жылдарга болжолун ишке ашырууну камсыздасын;

2024-жылдын жыйынтыктары боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчётту Бишкек шаардык кеңешине берсин.

3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасынын убактылуу
мелдетин аткаруучу                                                                       Ж. Абдраимов

 

Тиркеме-1 (xlsx. 90kb)
Тиркеме-2 (xlsx. 20kb)

 

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 30-май № 85

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө”токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторду берүү маселелерин тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттагы:

биринчи абзацтагы “2023-жылдын 2-апрелине” деген сөздөр “2023-жылдын 31-декабрына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацтагы “электр генераторлорунан,” деген сөздөрдөн кийин “электр кубаттоочу станцияларынан (ЭКС),” деген сөздөр менен толукталсын;

 

3-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

“Азиз базары” (Махатмы Ганди бульварынан Караван көчөсүнө чейинки Көкчөтоо көчөсү, Көкчөтоо көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейинки Караван көчөсү, Караван көчөсүнөн Махатмы Ганди бульварына чейинки Түлөбердиев көчөсү, Түлөбердиев көчөсүнөн Көкчөтоо көчөсүнө чейинки Махатмы Ганди бульвары);”.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы, 2023-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 37 “Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомунун 2-пунктун аткарсын.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                   К. Конгантиев