Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-июнундагы № 196   “Жер ресурстар башкармалыгы” жана “Муниципалдык мүлк башкармалыгы”  жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-июнундагы №196 “Жер ресурстар башкармалыгы” жана “Муниципалдык мүлк башкармалыгы” жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна Бишкек шаарынын прокуратурасынын каршылыктарын (2016-жылдын 29-сентябрындагы  чыгыш № 11/9-62-16 жана № 11/9-61-16) карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-июнундагы № 196 “Жер ресурстар башкармалыгы” жана “Муниципалдык мүлк башкармалыгы” жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-тиркеменин 24-пунктундагы “Башкармалык жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү бекитүү” деген сөздөр алынып салынсын;

 

2-тиркеменин 24-пунктундагы “Башкармалык жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү бекитүү” деген сөздөр алынып салынсын.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                    К. Б. Музуралиев