БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жыл 16-март № 71
Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы №3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу
комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин, Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Социал-демократтар” фракцияларынын каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төмөнкү Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
- регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан:
Тиллебаев Арнас Маматкадырович - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
Давыдов Эрмырза Давыдович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;
Усубалиев Таалайбек Болотбекович - “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү;
- экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиядан:
Ашимов Айбек Майрамбекович - “Эмгек” фракциясынын мүчөсү;
Токтогулов Максат Сарылбекович - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;
Исмаилов Сайдахмат Аблезович – “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
Акылбеков Асылбек Акылбекович - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
Абдыллабек уулу Манас - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;
Дуйшекеева Элнура Качкыновна - “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү;
- социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиядан:
Идырова Рамина Рамазановна - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү.
- турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиядан:
Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
Жолдошалиева Дамира Жолдошалиевна - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиядан:
Бактыбеков Алымбек Бактыбекович - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;
Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү.
- Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:
- регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга:
Ашимов Айбек Майрамбекович -“Эмгек” фракциясынын мүчөсү;
Бактыбеков Алымбек Бактыбекович - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;
Исмаилов Сайдахмат Аблезович – “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
Абдыллабек уулу Манас - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;
Дуйшекеева Элнура Качкыновна - “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү;
- экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга:
Идырова Рамина Рамазановна - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
Жолдошалиева Дамира Жолдошалиевна - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;
- социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга:
Тиллебаев Арнас Маматкадырович - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
Давыдов Эрмырза Давыдович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;
- муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга:
Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга:
Токтогулов Максат Сарылбекович - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;
Усубалиев Таалайбек Болотбекович - “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү;
Акылбеков Асылбек Акылбекович - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү.
- Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
- Регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссия:
1. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич - “Эмгек” фракциясынын мүчөсү;
- Ашимов Айбек Майрамбекович - “Эмгек” фракциясынын мүчөсү;
- Сурапбаев Таалайбек Каримжанович - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;
- Бактыбеков Алымбек Бактыбекович - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;
- Исмаилов Сайдахмат Аблезович – “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
- Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү;
- Абдыллабек уулу Манас - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;
- Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;
- Дуйшекеева Элнура Качкыновна - “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү;
- 2-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
3-саптагы “Исмаилов Сайдахмат Аблезович” деген сөздөр “Идырова Рамина Рамазановна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-саптагы “Абдыллабек уулу Манас” деген сөздөр “Жолдошалиева Дамира Жолдошалиевна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1, 8, 10, 11-саптар алынып салынсын;
- 3-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
4-саптагы “Идырова Рамина Рамазановна” деген сөздөр “Тиллебаев Арнас Маматкадырович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы 6-сап менен толукталсын: “6. Давыдов Эрмырза Давыдович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү”;
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы 9-сап менен толукталсын: “9. Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү”;
- 5-пункттун 6,8-саптары алынып салынсын;
- 6-пунктка төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2-саптагы “Бактыбеков Алымбек Бактыбекович” деген сөздөр “Токтогулов Максат Сарылбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-саптагы “Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна» деген сөздөр “Акылбеков Асылбек Акылбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы 6-сап менен толукталсын: “6. Усубалиев Таалайбек Болотбекович - “Социал-демократтар” фракциясынын мүчөсү”;
- пункттардын ичиндеги саптарды номерлөө ылайык келтирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К. Конгантиев
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жыл 16-март № 73
Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Ресрубликасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2022-жылдын 16-декабрындагы Бишкек шаардык кеңешинин XIII сессиясында кабыл алынган чечимине ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун №1 тиркемесиндеги 37, 41, 42, 48, 51-пункттарындагы мамлекеттик тилде “эки” деген сөз “беш” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Төрага К. Конгантиев
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жыл 16-март № 69
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 23 “Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага алуу укугу менен ижаралоого укугу бар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын жана жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү объекттердин № 2 Тизмесин жана № 2 Тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамарына, Бишкек шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтому менен бекитилген, “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 23 “Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага алуу укугу менен ижаралоого укугу бар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын жана жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү объекттердин № 2 Тизмесин жана № 2 Тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген № 1 тиркеменин “шаардын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактардын тизмеси” главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 23-сап менен толукталсын:
“23. Кыргыз Республикасынын адвокатурасы – Москва көчөсү, № 90 үй – 100”;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, № 2 тиркемесинин “Шаардын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга бериле турган муниципалдык мүлк объекттеринин тизмеги” главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 23, 24-саптар менен толукталсын:
“23. Москва көчөсү, № 90 үй – 1-кабат – 98,2 – 23 – Кыргыз Республикасынын адвокатурасы – 100”;
24. Москва көчөсү, № 90 үй – 2-кабат – 98,2 – 23 – Кыргыз Республикасынын адвокатурасы – 100”.
2. 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын адвокатурасына Москва көчөсү, № 90 үй дарегинде жайгашкан имараттын 1-кабатындагы жайларга 100% өлчөмүндөгү жеңилдик берилет.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы К. Конгантиев