Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

07.03.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 4-март № 118

Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин    2024-жылдын 7-февралындагы № 24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобосун бекитүү жөнүндө” Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын  7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө”  токтомун ишке ашыруу максатында,  Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” жобосун жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын курамына төмөнкү кошулуу жактырылсын:

Аламүдүн районунун Аламүдүн, Маевка, Пригород, Төмөнкү - Ала-Арча, Лебединовка жана Көк-Жар айыл аймактарын жана  Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак калктуу конушун жана № 544, № 545, № 552 контурларын, Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык калктуу конушун,  Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылын, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, Ак-Жар, Нуркожо-Ата, Адилет калктуу конуштарын;

Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактарын, Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контурун.

2. Төмөнкүлөр аныкталсын:

1) Бишкек шаарынын Ленин администрациялык районунун аймагына Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактары кирет;

2) Бишкек шаарынын Октябрь администрациялык районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагы;

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы;

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак конушу жана № 544, № 545, № 552 контурлары;

3) Бишкек шаарынын Биринчи май администрациялык районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

Аламүдүн районунун Маевка, Пригород айыл аймактары;

Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык конушу;

Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контуру;

4) Бишкек шаарынын Свердлов администрациялык районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

Аламүдүн районунун Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айыл аймактары;

Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы жана Ак-Жар, Нуркожо-Ата жана Адилет конуштары.

3. Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү коомдоштуктун ой-пикирлерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” жобосуна  ылайык Бишкек шаарынын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча тийиштүү сунуштарды киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                       К. Конгантиев

08.02.2024-ж. жарыяланды
 

Бишкек шаардык кеңешинин токтому
2023-жылдын 27-декабры № 111

Бишкек шаарынын үй жана кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектерин белгилөө жөнүндө

Бишкек шаарынын үй жана кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектерин тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 “Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Төмөнкүлөр белгилесин:

1-18-тиркемелерге ылайык, Бишкек шаарынын үй комитеттеринин аймактарынын чектери;

19-38-тиркемелерге ылайык, Бишкек шаарынын кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектери.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

а) ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 “Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жобого ылайык келүүсүн карасын жана 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө өз сунуштарын Бишкек шаардык кеңешине киргизсин;

б) Бишкек шаардык кеңешине төмөнкү токтомдор боюнча өздөрүнүн сунуштарын киргизсин:

 2005-жылдын 3-октябрындагы № 123 "Бишкек шаарынын Свердлов районунун жаңыдан түзүлүп жаткан кварталдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө»;

 2005-жылдын 3-октябрындагы № 124 "Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жаңыдан түзүлүп жаткан кварталдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө";

Бишкек шаарынын Ленин районундагы "Ала-Тоо" жаңы конушунун № 60 кварталын бөлүү жана жаңы түзүлгөн кварталдардын чектерин бекитүү жөнүндө;

2003-жылдын 9-июлундагы № 195 "Октябрь райондук кварталдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө";

2006-жылдын 28-июнундагы № 229 "Бишкек шаарынын Ленин районундагы Арча-Бешик жаңы конушунун бөлүнгөн жана жаңыдан түзүлгөн кварталдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө";

2007-жылдын 4-июлундагы № 347 “Биринчи май районунун Ак-Босого жаңы конушунун конушунун № 11 аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун № 42 жана № 12 Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун № 70 кварталдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө;;

2007-жылдын 3-октябрындагы № 364 "Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Касым жаңы конушунун № 13 аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун жаңыдан түзүлгөн № 78 кварталынын чек араларын бекитүү жөнүндө";

2008-жылдын 24-апрелиндеги № 44 «Бишкек шаарынын Октябрь районунун «Алтын-Ордо» жана «Рухий-Мурас» жаңы конуштарында жаңыдан түзүлгөн кварталдардын чек араларын бекитүү жөнүндө».

 3. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 38 «Бишкек шаарынын үй жана кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектерин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                                     К. Конгантиев 

Тиркеме-1 (docx. 46kb)
Тиркеме-2 (docx. 45kb)
Тиркеме-3 (docx. 59kb)
Тиркеме-4 (docx. 45kb)
Тиркеме-5 (docx. 48kb)
Тиркеме-6 (docx. 29kb)
Тиркеме-7 (docx. 93kb)
Тиркеме-8 (docx. 32kb)
Тиркеме-9 (docx. 34kb)
Тиркеме-10 (docx. 32kb)
Тиркеме-11 (docx. 41kb)
Тиркеме-12 (docx. 27kb)
Тиркеме-13 (docx. 38kb)
Тиркеме-14 (docx. 45kb)
Тиркеме-15 (docx. 42kb)
Тиркеме-16 (docx. 44kb)
Тиркеме-17 (docx. 57kb)
Тиркеме-18 (docx. 31kb)
Тиркеме-19 (docx. 48kb)
Тиркеме-20 (docx. 125kb)
Тиркеме-21 (docx. 75kb)
Тиркеме-22 (docx. 86kb)
Тиркеме-23 (docx. 57kb)
Тиркеме-24 (docx. 82kb)
Тиркеме-25 (docx. 76kb)
Тиркеме-26 (docx. 34kb)
Тиркеме-27 (docx. 84kb)
Тиркеме-28 (docx. 52kb)
Тиркеме-29 (docx. 37kb)
Тиркеме-30 (docx. 67kb)
Тиркеме-31 (docx. 50kb)
Тиркеме-32 (docx. 50kb)
Тиркеме-33 (docx. 101kb)
Тиркеме-34 (docx. 29kb)
Тиркеме-35 (docx. 107kb)
Тиркеме-36 (docx. 46kb)
Тиркеме-37 (docx. 113kb)
Тиркеме-38 (docx. 53kb)
 

 

19.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 27-декабрь № 109

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-майындагы № 84 «2023-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджеттик параметрлерди тактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-майындагы № 84 «2023-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы «22 869 559,1», «11 614 815,3», «3 046 841,5», «2 608 143,8», «2 985 862,6», «2 613 895,9» деген цифралар тийиштүү «22 206 042,4», «10 394 374,0», «3 300 289,9», «2 698 020,8», «3 166 369,6», «2 646 988,1» деген цифраларга алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 11, 12, 13 - тиркемелери ушул токтомдун 1, 11, 12, 13 - тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 21- тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 21-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

4) 10-пункттун 3-кичипунктундагы “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун”деген сөздөр “”Аяр” майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борбору” деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 12-пункттун 7-кичипунктундагы “Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда” деген сөздөр “"Акниет" оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар борборунда” деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 12- пункттун 8-кичипунктундагы “Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда” деген сөздөр “ “Аяр” майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунда” деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 13-пункттун 1-кичипунктундагы “Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда” деген сөздөр “"Акниет" оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар борборунда” деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 13- пункттун 2-кичипунктундагы “Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда” деген сөздөр ““Аяр” майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунда” деген сөздөргө алмаштырылсын;

 

9) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

10) 20-пункттагы “Бишкек шаарынын мэриясынын спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу” деген сөздөр “Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу” деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

12) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемесинде:

 «Суммасы» графасында «1 123 481,0», «968 312,2», «51 485,7», «41 957,7», «28 031,9», «33 693,5» деген цифралар тийиштүү «1 192 640,3», «953 612,2»,  «52 095,0», «42 555,3», «110 099,3», «34 278,5»  деген цифраларга алмаштырылсын;

 «Шаардык бюджет», «Ленин району», «Октябрь району», «Биринчи май району» жана «Свердлов району» бөлүктөр төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«

Шаардык бюджет

 

 

707

Саламаттык сактоо

Бишкек шаарынын мэриясынын  Саламаттык сактоо башкармалыгына  №1 ҮМБ үчүн  принтерлерди сатып алууга 79,9  миң сом суммасында, Балдар сүт азыктары ашканасы  үчүн  муздаткыч, компьютердик жабдууларды сатып алууга  575,0 миң сом суммасында. Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүүгө 2 972,6 миң сом суммасында, анын ичинде: «Эмгек акы»2111-беренеси  боюнча - 2 535,3 миң сом, «Социалдык фондго төгүмдөр» 2121-беренеси боюнча - 437,3 миң сом.

                                                3 627,5  

Ленин району

 

 

708

Маданият, дин жана спорт

№ 5 муниципалдык аймактык  башкармалыгына видео-байкоо орнотмосун  оңдоо-калыбына  келтирүү  жумуштарына 133,7 миң сом  суммасында. Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына  2023-жылдын 1-декабрынан тартып кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин төрагаларына келишимдик негизде акы төлөөнүн жогорулашына 609,3 миң сом суммасында.

                                                743,0  

709

Билим берүү

Ленин районунун билим берүү борборуна       № 26 МЧБУ үчүн интерактивдүү панель сатып алууга 239,0 миң сом суммасында, № 2 ОМ үчүн уюштуруу техникасын сатып алууга 180,0 миң сом суммасында, № 185 МЧБУнун жылытуу системасын алмаштырууга жана анын аянтын көрктөндүрүүгө 8002,6 миң сом суммасында, Билим берүү борборунун кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүүгө 1 424,9 миң сом суммасында: анын ичинде: 2111-берене боюнча 1215,3 миң сом, 2121-берене боюнча 209,6 миң сом.

                                                9 846,5  

Октябрь району

 

 

708

Маданият, дин жана спорт

Октябрь районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 2023-жылдын 1-декабрынан тартып кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин төрагаларына келишимдик негизде акы төлөөнүн жогорулашына 597,6 миң сом  суммасында.

                                                597,6 

Биринчи май району

 

 

706

Турак жай- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

№ 12 муниципалдык аймактык башкармалыгына Москва көчөсү, 121 дарегиндеги үйдү утурумдук оңдоо жумуштарына 97,9 миң сом суммасында, № 13 муниципалдык аймактык башкармалыгына Жибек Жолу көчөсү, 346-үйдүн жылуулук системасын алмаштырууга 102,2 миң сом суммасында, № 13 муниципалдык аймактык башкармалыгына Панфилов-Малдыбаев, 4-6-үй дареги боюнча балдар аянтчасын куруу үчүн 931,0 миң сом суммасында, № 15 муниципалдык аймактык башкармалыгына Профсоюз жана Буурдинский көчөлөрүнүн кесилишине гүл бакча курууга 784,3 миң сом суммасында, Муниципалдык администрациянын Биринчи май административдик районуна «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына адистештирилген техникаларды сатып алууга 25 000,0 миң сом суммасында, «Тазалык» муниципалдык ишканасына адистештирилген техникаларды сатып алууга 56 600,0 миң сом суммасында.

                                              83 515,4  

708

Маданият, дин жана спорт

Биринчи май районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 2023-жылдын 1-декабрынан тартып кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин төрагаларына келишимдик негизде акы төлөөнүн жогорулашына 467,4  миң сом  суммасында.

                                                467,4 

Свердлов району

 

 

708

Маданият, дин жана спорт

Свердлов районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарына 2023-жылдын 1-декабрынан тартып кварталдык, үй комитеттеринин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин төрагаларына келишимдик негизде акы төлөөнүн жогорулашына 585,0 миң сом   суммасында.

                                                585,0 

»

 

     13) 26-пункттун 12-кичипунктундагы “кары адамдар жана ден соолуктан мүмкүнчүлүгү чектелген жактар (ДСМЧЖ) үчүн жалпы типтеги Бишкек шаардык социалдык станционардык мекемеси” деген сөздөр “ "Үмүт үйү" карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеси” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичитоптору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун                  5-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын салыктык эмес кирешелер боюнча планды аткаруу жаатындагы начар иши белгиленсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                               К. Конгантиев

 

Тиркеме (xlsx. 219kb)

 

 

19.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 27-декабрь № 107

«Муниципалдык транспорттук ишканалардын чыгымдарын компенсациялоо үчүн Бишкек шаарынын бюджетинен субсидия бөлүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Муниципалдык транспорттук  ишканалардын  чыгымдарын компенсациялоо үчүн Бишкек шаарынын бюджетинен субсидия бөлүү тартиби жөнүндө» жобо, тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 5. Ушул токтом 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                                        К. Конгантиев                                                            

 

 

 

19.01.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 27-декабрь № 101

Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу

  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»,  «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө тиркелүүчү макулдашуу жактырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

  макулдашууда көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылуусуна контролду камсыздасын;

 Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын аймагында видеобайкоо камераларын жайгаштыруу точкаларын аныктасын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                        К. Конгантиев

 

Тиркеме (docx. 24kb)