Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2019-ж. 12-февраль

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, шаар тургундарын социалдык-маданий объекттер менен  камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, 11-кичирайону, 10/1 үй дарегинде  жайгашкан 0,42 гектар өлчөмдөгү жанаша жайгашкан жер участогу менен, жалпы  аянты 1064,8 чарчы метр мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы ушул токтомдун биринчи пунктунда көрсөтүлгөн объектти капиталдык оңдоого жана иштөөсүнө каражатты 2019-2020-жылдарга  шаардык бюджетте караштырсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б. К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Төрага             Ж. Б. Абиров

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жакышов Русланбек Шергазиевич Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелсин.

Төрага                                Ж. Б. Абиров

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Абиров Жаныбек Болотбекович Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.

Төраганын милдетин  аткаруучу                                             Э. М. Сыдыков

 

         Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Э. М. Сыдыковдон келип түшкөн арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмиль Мурзабекович Сыдыковдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
  2. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 11-декабрындагы №49 “Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага                                                                                 Ж. Б. Абиров

         Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А. М. Кененбаевден келип түшкөн арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Муканович Кененбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
  1. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 11-декабрындагы №47 “Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төраганын милдетин  аткаруучу                                             Э. М. Сыдыков