Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, “Бишкек санитардык полигон”  муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы берилген гранттардын жана кредиттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын,  каралган иш-чаралардын өз убагында аткарылышын жана пайыздарды эске алуу менен алынган кредиттерди төлөөнү камсыз кылсын.
  3. Квартал сайын “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж. М. ) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Р. А. Сарпашевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

  • Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдорун аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн:

2015-жылдын 29-июнундагы №144 “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарга тарифтер жөнүндө”;

2014-жылдын 25-июнундагы №85 “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө”;

2014-жылдын 14-октябрындагы №98 “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө”;

2013-жылдын 8-майындагы №23 “Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртууга гранттык жана кредиттик каражаттарды тартууну жактыруу жөнүндө”.

3. Квартал сайын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши жана Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж. М. ) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Р. А. Сарпашевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарында жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

а) 1-тиркемеге ылайык, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдү, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги;

б) 2-тиркемеге ылайык, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын стандарттары.

2.      Бишкек шаарынын мэриясы:

а) ушул токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жетекчиликке алсын;

б) ушул токтом менен бекитилген жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын стандарттарын жетекчиликке алсын жана сактасын;

в) муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана муниципалдык кызматтардын стандарттарын Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына жана Бишкек шаарынын мэриясынын, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматтык такталарына жайгаштырсын;

г) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө жана ведомствого караштуу мекемелерине Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегине, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизилбеген, акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө жол бербесин;

д) Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна  төмөнкүлөрдү киргизсин:

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү, акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтерди (бааларды);

жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды (мөөнөтү аяктаганда документтерди кабыл алуу, даярдоо жана берүү) өз убагында көрсөтпөгөндүгү үчүн муниципалдык кызматчылардын жеке жоопкерчилиги жөнүндө сунушту.

  1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн белгиленген тартипте казыналыкта атайын эсеп ачсын.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Ч. З.  Жумалиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине   (А. К. Бакетаев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                                                               Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- 1-тиркеме, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана  ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги (doc. 39Кб)

- 2-тиркеме, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана  ведомствого караштуу мекемелери тарабынан муниципалдык кызматтардын көрсөтүүнүн стандарты (doc. 835Кб)

 

2019-жылдын 03-апрель айы

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчет “канааттандыраарлык” деп табылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдорунун аткарылышына контролду күчөтсүн:

2009-жылдын 30-июнундагы №78 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган бак-дарактарды жана ирригацияларды бузуунун жана кайра отургузуунун тартиби, ошондой эле аларды бузууда, кайра отургузууда жана жок кылууда бак-дарактардын жана ирригациялардын баасын компенсациялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”;

2014-жылдын 14-октябрындагы №99 “Бишкек жашылкурулуш” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө”;

2014-жылдын 18-февралындагы №66 “Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан коллектордук-дренаждык тармактардын иштөөсүн жана күтүүнү камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугу жөнүндө”;

“2017-жылдын 30-ноябрындагы №45 “20178-2025-жылдарга Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүү” концепциясын бекитүү жөнүндө”.

б) бюджеттик каражаттардын, ошондой эле “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүү ишинен түшүүчү каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.

в) “20178-2025-жылдарга Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүү” концепциясын ишке ашыруу планын иштеп чыксын жана  Бишкек шаардык кеңешке киргизсин.

3. Квартал сайын “Бишкек жашылкурулуш” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө жана Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж. М. ) жана Бишкек шаарынын вице-мэри               Р. А. Сарпашевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарында жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

а) 1-тиркемеге ылайык, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдү, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги;

б) 2-тиркемеге ылайык, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын стандарттары.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) ушул токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жетекчиликке алсын;

б) ушул токтом менен бекитилген жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын стандарттарын жетекчиликке алсын жана сактасын;

в) муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана муниципалдык кызматтардын стандарттарын Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына жана Бишкек шаарынын мэриясынын, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматтык такталарына жайгаштырсын;

г) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө жана ведомствого караштуу мекемелерине Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегине, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизилбеген, акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө жол бербесин;

д) Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү, акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтерди (бааларды);

жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды (мөөнөтү аяктаганда документтерди кабыл алуу, даярдоо жана берүү) өз убагында көрсөтпөгөндүгү үчүн муниципалдык кызматчылардын жеке жоопкерчилиги жөнүндө сунушту.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн белгиленген тартипте казыналыкта атайын эсеп ачсын.

4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Ч. З. Жумалиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (А. К. Бакетаев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

03.04.2019-ж.