Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2018-ж. 23-ноябрь

Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 «Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү, тиркемеге ылайык бекитилсин.  

2. Бишкек шаарынын мэриясы, белгиленген тартипте:

а) жаӊы түзүлгөн түзүмдүк бөлүмдөр  жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тийиштүү иш-чаралар комплексин жүргүзсүн;

б) Бишкек шаардык кеңештин аппараты менен бирдикте ушул токтомго ылайык келтирүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө тиешелүү маселелер боюнча Бишкек шаардык кеңештин бардык токтомдорун текшерүү жүргүзсүн;

в) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешке үч айдын ичинде берсин.    

3. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 16-мартындагы № 6 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” токтому жана “Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 14-апрелиндеги №14 “Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 16-мартындагы № 6 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын.  

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Э. А. Досалиев) жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы             Ж. Б. Абиров

Тиркеме:

- Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү (doc. 49Кб)     

2018-ж. 20-сентябрь

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жакышов Русланбек Шергазиевич Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелсин.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

 

2018-ж. 20-сентябрь

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Абиров Жаныбек Болотбекович Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.

Төраганын милдетин  аткаруучу        Э. М. Сыдыков

2018-ж. 20-сентябрь

 Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Э. М. Сыдыковдон келип түшкөн арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмиль Мурзабекович Сыдыковдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 11-декабрындагы №49 “Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

2018-ж. 20-сентябрь

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А. М. Кененбаевден келип түшкөн арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Муканович Кененбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
  1. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 11-декабрындагы №47 “Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Бишкек шаардык кенештин төрагасынын милдетин аткаруучу    Э. М. Сыдыков