Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, 2018-жылы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын жасаган иши жөнүндө отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын

2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчету эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомунун аткарылышы үчүн контролду күчөтсүн;

б) квартал сайын Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын иши жана Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын;

в) 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын жасаган иши тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын мыйзамынын белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешке киргизсин.

г) 2019-жылдын 1-июлуна чейин төмөнкү жоболорду бекитүү жөнүндө токтом долбоорлорун Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин:

“Бишкек шаарында ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокторду берүү тартиби жөнүндө”;

“Бишкек шаарында ижара шарттарында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторду мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө”;

“Бишкек шаарында ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга тоорук өткөрүүсүз кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө”;

“Жер участоктордун чек араларын (конфигурациясын), функционалдык багытын өзгөртүү  жана алмаштыруу тартиби жөнүндө”;

“Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторду пайдалануу укуктарын узартуу, токтотуу жана өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;

“Бишкек шаарындагы жер участокторго менчик укуктарды сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”.

 д) Бишкек шаарынын мэриясынын 2018-жылдын №277-б “Ижарачы тарабынан жер участогун пайдалануу (ижара) укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан макулдук берүүнүн убактылуу регламентин бекитүү жөнүндө” буйругу жокко чыгарылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте “Үчүнчү жакка укуктарды өткөрүп берүү боюнча маалымкаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо” Бишкек шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынганга чейин эксплуатацияга тапшырылган объекттердин жер участокторунан тышкары, үчүнчү жакка жер участокту пайдалануу укугун ижарачыларга өткөрүп берүүгө, сатууга, күрөөгө жана башка укуктук келишим түзүүгө маалымкаттарды берүүнү токтотсун.

4. Ушул токтомдун аткаралышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Абдраев Б. К.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. Э. Алымкуловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштурууну оптимизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктунун бешинчи абзацындагы:

- мамлекеттик тилдеги текстте "мэриясынын" деген сөз "жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "гранттык комиссиясынын" деген сөздөрдөн кийин "типтүү" деген сөз менен толукталсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесиндеги:

- биринчи абзацтагы "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр "Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3.1-пункттун үчүнчү абзацы алынып салынсын;

- 12.1.4, 12.1.5, 12.1.6, 12.1.7-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

- "Тараптардын юридикалык дареги жана башка реквизиттери" бөлүмүндөгү:

"Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр "Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"720000" цифра жана "Чүй проспекти, 166" деген сөздөр алынып салынсын;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинин 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

4) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемесиндеги:

6-пункттун үчүнчү абзацында "Бишкек шаардык мэриясы" деген сөздөр "Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

6) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесиндеги:

- 10-пункт "Тастыктоочу" деген сөздүн алдында "Алдын-ала" деген сөз менен толукталсын, "үч уюмдан жеткирүүчүлөрдөн (подрядчик) кем эмес" деген сөздөр алып салынсын;

- 11-, 12- жана 14-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 115 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо тартиби жөнүндө" жобого:

- 3-пункттагы:

биринчи абзацындагы "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр "Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жетинчи абзацында "Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги (мындан ары агенттик) тарабынан "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жобого ылайык ушул максаттарга багытталган каражаттарынын эсебинен" деген сөздөр "Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункттагы:

пункттун бардык тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

алтынчы абзацында "Агенттик" деген сөз "Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

сегизинчи абзацында "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр алынып салынсын;

он бешинчи абзац алынып салынсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жобого:

- 1-пункттагы:

биринчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Гранттык комиссия администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын чечими менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясынын типтүү курамына ылайык түзүлөт.";

үчүнчү абзацында:

"Бишкек шаарынын мэриясынын" деген сөздөр алынып салынсын;

"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын", "Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаарынын району боюнча аймактык башкармалыгы, администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги текстте "каржылоосуна катышкан" деген сөздөрдөн кийин "эл аралык уюмдардын жана донорлордун" деген сөздөр менен толукталсын;

бешинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясынын жыйналышы, гранттык комиссиянын тизмедеги курамынын көпчүлүгү катышкан учурда укуктуу (кворум) деп эсептелет";

- 2-пунктта:

пункттун бардык тексти боюнча:

ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Агенттик" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Администрациялык район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бешинчи абзацтагы "Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин базасында (мындан ары - Агенттик") деген сөздөр алып салынсын;

он жетинчи абзацтагы мамлекеттик тилдеги текстте "№ 1 формасына" деген сөздөр "белгиленген форма боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он тогузунчу абзацтан тартып жыйырма экинчи абзацты кошуп алганга чейинкилер алынып салынсын;

жыйырма үчүнчү абзацтагы биринчи сүйлөм алынып салынсын;

жыйырма тогузунчу абзацтагы "Агенттиктин эксперттеринин" деген сөздөр "администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын тийиштүү адистеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

отуз экинчи абзацтагы "аймактык депутаттык топтор" деген сөздөр алынып салынсын;

- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

3. Администрациялык райондорунун башчылары:

а) ушул токтом менен бекитилген типтүү курамдын негизинде гранттык комиссиялардын курамын бекитсин;

б) жергиликтүү жамааттардын долбоорлорунун конкурстарын даярдоо жана өткөрүү, жеңүүчүлөрдү каржылоо жана долбоорлорду ишке ашыруу мониторингин жүргүзүү боюнча иштерди уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаарынын райондору боюнча аймактык башкармалыктары администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялардын бюджетинде дем берүүчү (үлүштүк) гранттарга карата каралган каражаттардын эсебинен ушул токтомдон келип чыккан иш-чараларды каржылоону камсыздасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча (Н.А.Кулматова), жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштер боюнча (Ч.З.Жумалиев) туруктуу комиссияларына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А.К.Бакетаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

2019-жылдын 28-майы 

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле  Бишкек шаардык кеңештин “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынын лидерлеринин каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамынан  чыгарылсын:

бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиядан – Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич - “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

  муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиядан – Сурапбаев Таалайбек Каримжанович - “Кыргызстан”  фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссия – Десятников Павел Николаевич - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамына киргизилсин:

бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга  - Сурапбаев Таалайбек Каримжанович -“Кыргызстан”  фракциясынын мүчөсү;

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга – Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич -“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга – Шайдуллаев Бакыт Абдуманапович -“Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү жана Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич - “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) 2-пункттун 7-сабындагы “Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич” деген сөздөр  “Сурапбаев Таалайбек Каримжанович”  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 4-пункттун 9-сабы алынып салынсын;

в) 5-пункттун 8-сабындагы “Десятников Павел Николаевич”  деген сөздөр “Шайдуллаев Бакыт Абдуманапович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) 5-пункт төмөнкү мазмундагы “Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич - “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү” деген 9-сап менен толукталсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров 

         Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 82 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин отчетторун угуу графигин бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

“ Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине  2019-жылдын ичинде үч отчеттон кем эмес киргизилсин.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри, тейлеген вице-мэрлери, администрациялык райондордун башчылары угулсун.”.

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 82 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин отчетторун угуу графигин бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 3-тилке (“Дата”) алынып салынсын.

                   б) 4-тилкеде (“Жооптуулар”) көрсөтүлгөн жооптуу жактардын аты-жөндөрү  “тейлеген вице-мэрлер”  деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы             Ж. Б. Абиров

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле  Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Аскарбек Бактыбекович Күрүчбеков Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.
  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төраганын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 3-пунктунун 3-абзацындагы “Апсатар уулу Айжигит” деген сөз “А. Б. Куручбеков” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров