Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

         1. 2017-жыл үчүн Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди,  активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 8 793 873,9 миң сом суммада, чыгашалар боюнча 8 485 737,7 миң сом суммада, чыгашалардан кирешелердин 308 136,2 миң сом  суммада ашуусу менен бекитилсин.

         2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А. К. Бакетаевге жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Кулматова) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров

         Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

а) 1-тиркемеге ылайык, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобо;

б) 2-тиркемеге ылайык, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын типтүү курамы (мындан ары - Комиссиялар).  

2. Бишкек шаарынын мэриясына Комиссиялардын жекече курамын түзүү укугу өкүлдөнүлсүн.

3. Комиссиялар өз иш-аракеттеринде жогоруда көрсөтүлгөн жобону жетекчиликке алышсын.

4. Комиссиялар өз ишин уюштурууда ушул жобону жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин жетекчиликке алсын.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч. З. Жумалиевге жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Төрага      Ж. Б. Абиров

Тиркеме: жалпы жобо жана комиссиянын типтүү курамы (doc. 39Кб)

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин  24-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

 Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 13-мартындагы № 74 «Бишкек шаарынын резервдик фонду жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө»;

Бишкек шаардык кеңештин  2014-жылдын 25-июнундагы № 87 ”Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 13-мартындагы № 74 "Бишкек шаарынын резервдик фонду жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын резервдик фонду жөнүндө" жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

2.  Бишкек шаарынын мэриясы бул токтомду ишке ашыруу боюнча чара көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек  шаардык кеңештин бюджет жана  финансы боюнча  туруктуу комиссиясына  (Н. А. Кулматова) жана Бишкек  шаарынын биринчи вице-мэри  А.К.Бакетаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарынын чектелгендигине жана муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу, өз чечимдерин иретке келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 22-декабрындагы №50 “Баалуу кагаздарды чыгарууну уюштуруу жөнүндө” токтому;

Бишкек шаардык кеӊештин 2017-жылдын 30-ноябрындагы №44 «Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык баалуу кагаздарын чыгаруу жөнүндө» токтому.

2. Бишкек шаарынын мэриясы бул токтомду ишке ашыруу боюнча чара көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Кулматова) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри  А. К. Бакетаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров

Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

а) 1-тиркемеге ылайык, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобо;

б) 2-тиркемеге ылайык, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын типтүү курамы (мындан ары - Комиссиялар).

2. Бишкек шаарынын мэриясына Комиссиялардын жекече курамын түзүү укугу өкүлдөнүлсүн.

3. Комиссиялар өз иш-аракеттеринде жогоруда көрсөтүлгөн жобону жетекчиликке алышсын.

4. Комиссиялар өз ишин уюштурууда ушул жобону жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин жетекчиликке алсын.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.З.Жумалиевге жана Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Ж.Абиров

 

12.02.2019-ж.