Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 44

 

 

2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын

социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын

бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы 1-, 2-, 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыздасын;

- Бишкек шаардык кеңешине 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчёт берсин.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
  3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                             Б. Усеналиев

 

Тиркеме( docx. 141kb)

Тиркеме 2 (docx. 29kb)

Тиркеме 3 (XLS. 30kb)

 

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 42

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы    № 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө»

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджеттик параметрлерди тактоо максатында Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 231, 232-пункттар менен толукталсын:

«231. 2024-жылдагы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен чыгашаларды ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык багыттоого уруксат берилсин.

232. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгынын чыгашаларынын багыты ушул токтомдун                              9-тиркемесине ылайык бекитилсин.»;

2) ушул токтомдун 1-, 2-тиркемелерине ылайык редакциядагы 8-, 9-тиркемелер менен толукталсын.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
  3. Ушул токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                        Б. Усеналиев

 

Тиркеме (XLS. 39kb)

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 41

 

 

Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө

 

Жергиликтүү салыктарды башкарууга салыктык контролду күчөтүү максатында,  Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 151-беренесине, 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын                1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                        Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx. 14kb)

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 36

 

 

Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди, жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер боюнча 23 185 733,0 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 22 689 349,7 миң сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 496 383,3 миң сом суммасында бекитилсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                         Б. Усеналиев

 

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-июнундагы № 33

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарынын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентинин негизинде, “Эмгек” фракциясынын катынын, Бишкек шаардык кеңешинин  XXIX чакырылышынын VII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2025-жылдын  25-июнундагы №3 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2025-жылдын 25-июнундагы №3 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу бекитилсин.
  2. Досалиев Эльмир Акуналыевич Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.
  3. 2024-жылдын 2-декабрындагы №3 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилип,  2-пунктту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“2. Досалиев Эльмир Акуналыевич Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын”.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев