Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 36

 

 

Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди, жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер боюнча 23 185 733,0 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 22 689 349,7 миң сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 496 383,3 миң сом суммасында бекитилсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                         Б. Усеналиев