Опубликовано 03.07.2025 г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июнуна № 44
2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы 1-, 2-, 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
- Бишкек шаарынын мэриясы:
- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыздасын;
- Бишкек шаардык кеңешине 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчёт берсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б. Усеналиев