Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 29-сентябрындагы № 49

 

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

 

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, (чыгыш 2025-жылдын 7 – августундагы № 7/10, 2025-жылдын 16 – августундагы № 7/16, 2025-жылдын 27 – августундагы № 7/18, 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 7/21, 2025-жылдын 1 сентябрындагы № 7/22 жана 2025-жылдын 5 – сентябрындагы
№ 7/24) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын каттарынын негизинде Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.                     Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү үчүн 1315 талапкердин документтери анын ичинде: Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына – 59 документ, участкалык шайлоо комиссиясына – 1256 документ Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.

2.                     Ушул токтом каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.                     Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                                                      Б. Усеналиев