Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 26 май № 33

Бишкек шаардык кеңешинин чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34, 39-беренелерин жана 70-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 54 “Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтому;

3) Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 2-июлундагы № 111 “Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө жана Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

4) Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 170 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен иштеп чыксын жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте типтүү түзүмдү жана штаттык расписаниени бекитсин.

3. Ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                   К. Конгантиев