Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 26 май № 34

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) киришмедеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” деген сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;

б) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө” жобонун:

2-пунктундагы “өткөрүп берүүгө (мындан ары - өткөрүп берүү)” деген сөздөрдөн кийин “, анын ичинде күрөөгө коюуга” деген сөздөр менен толукталсын;

4-пункттун 23-абзацындагы “берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү” деген сөздөр “берилген аймактык орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

13-пункттагы:

“органга” деген сөздөн кийин “кандайдыр бир объекттерди долбоорлоо жана куруу, ошондой эле жайгаштыруу каралбаган жер участоктордон тышкары” деген сөздөр менен толукталсын;

“Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 жумуш күндүн ичинде архитектуралык-пландоо шарттарынын бар же жок экендиги жөнүндө тийиштүү документти жана жер участогун пайдалануу укугун узартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.” деген  сөздөр “Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга уруксат берүүчү документтин бардыгы же жоктугу жөнүндө тийиштүү маалыматты жөнөтөт.” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

14-пункттун 1-кичипункту “10 пайызга” деген сөздөн кийин”, анын ичинде “кандайдыр бир объекттерди долбоорлоо жана куруу, ошондой эле жайгаштыруу каралбаган жер участокторго” деген сөздөр менен толукталсын;

21-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Эгерде  жер участок мурда ижара акысын төлөө шартысыз берилген болсо, жер пайдалануу укугун узартуу ушул жобонун 14-пункту менен жөнгө салынат.”;

V бөлүмдүн аталышындагы “өткөрүп берүүгө,” деген сөздөрдөн кийин “күрөөгө коюуга” деген сөздөр менен толукталсын;

23-пунктундагы “өткөрүп берүүгө,” деген сөздөрдөн кийин “күрөөгө коюуга” деген сөздөр менен толукталсын;

25-пункттагы “жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган эксплуатацияга киргизүү актысы болгон учурда, ошондой эле”  деген сөздөр алынып салынсын;

26-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Долбоорлоо жана куруу, ошондой эле кандайдыр бир объекттерди жайгаштыруу каралбаган жер участокторун пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө макулдук жер участогу келишимдик мамилелерге ылайык пайдаланылган учурда берилет.”;

төмөнкү мазмундагы 27-1 - пункту менен толукталсын:

“27-1. Жер участогун пайдалануу укугун күрөөгө коюуга макулдук объектти эксплуатацияга киргизүү актысы болгон учурда берилет.

Жер участогун пайдалануу укугун күрөөгө коюунун колдонуу мөөнөтү ижара келишиминин колдонуу мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. Колдонуу мөөнөтү аяктагандыгы боюнча жер участогунун ижара келишими токтотулган учурда жер участогун пайдалануу укугунун күрөө менен камсыздоо жер участогуна колдонулбайт.

Күрөө предметин соттон тышкары жана соттук тартипте өндүрүп алууда имараттын жана курулуштун менчик ээси ыйгарым укуктуу орган менен ижара келишимин кайра түзүүгө, жер участогун пайдалануу мөөнөтүн узартууга же жер участогун баштапкы абалына келтирүүгө милдеттүү.”;

29-пункт  төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Жөнөкөй шериктештик (биргелешкен иш) келишимин түзүүгө макулдук берүү ижарачыга арызы катталган учурдан тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде берилет жана жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын кароо актысын талап кылбайт.”;

32-пункттагы “бир айдын” деген сөздөр “эки айдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“35. Чарба шериктештиктеринин жана коомдорунун уставдык капиталына салым же өндүрүш кооперативине пайлык төгүм катары жер участогуна укуктарды киргизүү үчүн макулдук берүүгө жол берилбейт.”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев