Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29-июнь № 41

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна  төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пунктун 3-абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

 

3-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

 

2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарында ижара шарттарында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

3-пунктта:

7-абзацтагы “жер пайдалануу жана куруу эрежелеринде” деген сөздөр алып салынсын;

20-абзацтагы “жана Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелери” деген сөздөр алып салынсын;

24-абзацтагы “берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү,” деген сөздөр “берилген аймактык орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 

6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“6. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участоктор түз сатуу жолу менен үч жылга чейинки мөөнөт менен кыска мөөңөттүү ижарага берилет. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участоктун аянты 0,01 гадан аша албайт.”;

 

28- пункттагы “бир жылдын” деген сөздөр “үч жылдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 

28-пункттун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

“Комиссиянын чечими боюнча жер участокту пайдалануу мөөнөтү ижарачы шарттарды аткарганда 20%га ижара акысын көбөйтүү менен өткөн ижара келишиминин ошондой эле мөөнөтүнө узартылышы мүмкүн. Ижара акы ижара келишимин бешинчи жолу узарткандан кийин жогоулатылбайт, ал эми узартуулардын санын эсептөө 2022-жылдан тартып жана 2022-жылдагы ижара акыдан башталат. Келишимдин иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин 10 күндө ыйгарым укуктуу органга ижара келишиминин иштөө мөөнөтүн узартуу тууралуу арызы менен кайрылышат.”;

 

62-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“62. Бир айлык ижара акынын көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:

Иа = С х S х К1 х К2, мында:

Иа - бир айлык ижара төлөмүнүн көлөмү (сом менен);

Ч - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жер салыгынын чени (сом менен);

S - жер участогунун аянты чарчы метр менен;

К1- функционалдык багытынын коэффициенти, мында ал төмөнкү учурларда төмөнкүгө барабар болот:

6 - гараждар, күзөт будкалар, нан сатуу күркөлөрү, бут кийим оңдоо күркөлөрү, гезит күркөлөрү ж.б.у.с.;

12 - сүрөт кызмат көрсөтүү пункттары, байланышы кызмат көрсөтүүлөр жана Интернет, банкоматтар, соода павильондор;

14 - убактылуу аянтчалар, жалпы тамактануу түйүндөрү, автосервис пункттары;

30 - жарнамалык конструкциялар;

жайгашкан ордуна карабастан уюлдук байланыш мунаралары (вышкалар) үчүн (баа зонасынын коэффициенти) ай сайын ижара акы 5220 сомдон кем эмес өлчөмдө  белгиленет;

жайгашкан ордуна карабастан, суусундуктарды сатуу көчмө түйүндөрү жана сатураторлор үчүн (баа зонасынын коэффициенти) бир түйүн үчүн ай сайын ижара акы 400дөн 600 сомго чейин өлчөмдө белгиленет;

К2 - баа зонасынын коэффициенти, мында төмөнкүгө барабар болот:

4 - 1 - баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн;

3 - 2 - баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн;

2 - 3 - баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн;

1 - 4 - баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн.

Эскертүү:

Баа зоналарынын сүрөттөлүшү:

I – зона

Жибек-Жолу проспекти, түндүк тарабын кошо (Жаш Гвардия бульварынан Курманжан Датка көчөсүнө чейин);

Курманжан Датка көчөсү, чыгыш тарабын кошо (Жибек-Жолу проектисинен  Иса Ахунбаев көчөсүнө чейин);

Иса Ахунбаев көчөсү, түштүк тарабын кошо (Шабдан Баатыр көчөсүнөн  Чингиз Айтматов проспектине чейин);

 Чингиз Айтматов проспекти (Иса Ахунбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин);

 Лев Толстой көчөсү (Чингиз Айтматов проспектинен Жаш Гвардия бульварына чейин);

Жаш Гвардия бульвары (Лев Толстой көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин).

“Дордой” соода-базар комплекси:

Төмөнкү көчөлөр менен чектелген зона:

айланып өтмө жолдун түштүк тарабы ("Келечек" конушунан "Дордой" конушуна чейин);

Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабы (айланып өтмө жолдон Аул көчөсүнүн түштүк тарабына чейин);

Аул көчөсүнүн түштүк тарабы (Ибраимов көчөсүнөн Совет туюк көчөсүнө чейин);

Совет туюк көчөсүнүн батыш тарабы (Аул көчөсүнөн айланып өтмө жолго чейин).

"Аламедин" соода-базар комплекси:

Төмөнкү көчөлөр менен чектелген зона:

Куликовская көчөсү боюнча (Курманжан Датка көчөсүнүн батыш тарабынан Буденный көчөсүнө чейин);

Буденный көчөсүнүн чыгыш тарабы боюнча (Куликовская көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабына чейин);

Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабы боюнча (Буденный көчөсүнөн Буденный көчөсүнүн түштүк уландысына чейин);

Буденный көчөсүнүн түштүк уландысынын чыгыш тарабы (Жибек-Жолу проспектинен Салиева көчөсүнө чейин);

Салиева көчөсү (Буденный көчөсүнүн чыгыш тарабынан Западная көчөсүнө чейин);

Западная көчөсүнүн чыгыш тарабы (андан ары Муса Жалил көчөсү Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабына чейин).

"Орто-Сай" соода-базар комплекси (СБК):

Төмөнкү көчөлөр менен чектелген зона:

Сүйөркулов көчөсүнүн түндүк тарабы (Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин);

Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабы (Сүйөркулов көчөсүнөн  түштүк өткөөлдүн түштүк тарабына чейин);

түштүк тарап (СБК түштүк өткөөлүнүн 50 метрге чейин № 7 кичирайонунун ичин көздөй Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн батыш бөлүгүнө чейин);

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн батыш тарабы (СБКнын түштүк өткөөлүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин).

"Ош-базары" соода-базар комплекси:

Төмөнкү көчөлөр менен чектелген зона:

Рыскулов көчөсүнүн түндүк тарабы  (Юлиус Фучик көчөсүнөн  Жаш Гвардия бульварынын батыш тарабына чейин);

Жаш Гвардия бульварынын батыш тарабы (Рыскулов көчөсүнөн Москва көчөсүнүн түштүк тарабына чейин);

Москва көчөсүнүн түштүк тарабы (Жаш Гвардия бульварынан Юлиус Фучик көчөсүнүн батыш тарабына чейин);

Юлиус Фучик көчөсүнүн батыш тарабы (Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин).

Комиссиянын чечими боюнча  биринчи баа зонасында ижара  акысынын башка, бирок, баштапкы суммадан төмөн эмес сумма белгилениши мүмкүн.

II зона

темир жолдун түштүк тарабы (Дооронбек Садырбаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин);

Шабдан Баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабы (темир жолдон Иса Ахунбаев көчөсүнө чейин);

Иса Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы (Шабдан Баатыр көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин);

Каралаев көчөсүнүн чыгыш тарабы (Иса Ахунбаев көчөсүнөн № 12 кичирайонуна чейин);

Токомбаев көчөсү (№ 12 кичирайондон Байтик Баатыр көчөсүнө чейин);

Токомбаев көчөсүнүн келечектеги уландысы (Байтик Баатыр көчөсүнөн Чингиз Айтматов проспектине чейин);

Жайыл Баатыр көчөсү (Чингиз Айтматов проспектинен Дооронбек Садырбаев көчөсүнө чейин);

Дооронбек Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабы (Жайыл Баатыр көчөсүнөн темир жолго чейин).

III зона

Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) түштүк тарабы (Васильевский трактан Лермонтов көчөсүнө чейин);

Лермонтов көчөсүнүн чыгыш тарабы (ЧЧКдан Көлбаев көчөсүнө чейин);

Көлбаев көчөсүнүн түндүк тарабы (Лермонтов көчөсүнөн Калинин көчөсүнө, “Аламедин-1” кичирайонуна, “Куруучулар” шаарчасына, “Энергетиктер” шаарчасына чейин);

Чүй проспекти (“Энергетиктер” шаарчасынан Курманжан Датка көчөсүнө чейин);

Буденный көчөсү (Чүй проспектинен Жибек-Жолу проспектине чейин, андан ары “Аламедин” СБКсинин зонасынан тышкары);

Жибек-Жолу проспекти (Курманжан Датка көчөсүнөн Юлиус Фучик көчөсүнө чейин);

Профсоюз көчөсү (Юлиус Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин);

Кустанай көчөсү (Профсоюз көчөсүнөн Ден Сяопин проспектине чейин);

Ден Сяопин проспектинин түштүк тарабы (Кустанай көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин);

Садыгалиев көчөсү (Ден Сяопин проспектинен Лев Толстой көчөсүнө чейин);

Лев Толстой көчөсү (Садыгалиев көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин);

Тимур Фрунзе көчөсү (Лев Толстой көчөсүнөн Юрий Гагарин көчөсүнө чейин);

Юрий Гагарин көчөсү (Тимур Фрунзе көчөсүнөн Дооронбек Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабына чейин);

Дооронбек Садырбаев көчөсү (Юрий Гагарин көчөсүнөн темир жолго чейин, андан ары Юлиус Фучик көчөсүнүн батыш тарабы Жибек-Жолу проспектине чейин).

IV зона

I, II жана III зоналарда сүрөттөлбөгөн Бишкек шаарынын калган аймагы.

Ижарачы тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан берилген эсептерге ылайык ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын эсебине төлөө жолу менен жер салыгы төлөнөт.

Жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартууда ижарачы жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жер участогун анык кайтарып бергенге чейин же мөөнөтүн узартканга чейинки мезгил үчүн ижара акы төлөп турууга милдеттүү.”;

 

63-пункттагы “10%ы  ыйгарым укуктуу органдын эсесбине жөнотүлөт” деген создөр алынып салынсын;

 

64-пункт алынып салынсын;

 

төмөнкү глава жана пункттар менен толукталсын:

“XIII. “Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо 

67. Жеңилдетилген типтеги объект төмөнкү учурларда демонтаждалат:

а) жеңилдетилген типтеги объект жайгаштырууга уруксат берүүчү документтери тийиштүү тартипте жол-жоболоштурулбай иштеп жаткан учурда;

б) жаңы куруу ишке ашырылып жаткан учурда;

в) соттун чечими боюнча;

г) комиссиянын чечими боюнча төмөнкү учурларда:

келишимдин шарттарын бузган учурда;

3 айдын ичинде ижара акыларды төлөбөгөндө;

архитектуралык жана шаар курулушу ченемдерине ылайык келбегенде;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын турмуш-тиричилигин жана өнүгүүсүн жөнгө салуучу чечимдер  кабыл алынганда.

68. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо болжолдуу билдирүү боюнча 5 күндүн чейин объекттин ээсинин эсебинен жүргүзүлөт. Тийиштүү документтери жок орнотулган жана иштеп жаткан объектти демонтаждоодо болжолдуу билдирүү талап кылынбайт.

Эгер жеңилдетилген типтеги объекттин ээси аныкталбаса жана анын кайда экендигин аныктоо кийин да мүмкүн болбосо, демонтаждоо жөнүндө билдирүү ал объектке чапталат, бул жөнүндө акт түзүлөт жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын кызматкерлери тарабынан кол коюлат.

Демонтаж жүргүзүлгөндөн кийин жеңилдетилген типтеги объекттин ээси жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө жана көрктөндүрүүгө милдеттүү.

69. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын тарабынан демонтаждоо жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн аныкталган мөөнөт аяктаганда объекттин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Демонтаждоодо объекттин ээси же анын өкүлү объектте жайгашкан материалдык баалуулуктардан бошотуп берүүгө милдеттүү.

Объекттин ээси же анын өкүлү тарабынан демонтаждоо жүргүзүүгө тоскоолдуктар түзүлсө, объектте жайгашкан материалдык баалуулуктар жөнүндө кыскача тизме түзүлөт жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.

Эгер ээси жок болсо, объектке мөөр басылып бекитилет жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда болгон материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.

70. Жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын тарабынан демонтаждоо жүргүзүлгөндө Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын, ошодой эле жетекчилик менен макулдашуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана адистери тартышы мүмкүн.

71. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган кампага жыюу жана сактоо жайына жөнөтүлөт. Объектти берүү жеңилдетилген типтеги объекттин ээси объектти демонтаждоого, сактоого кеткен бардык чыгымдарды төлөгөн болсо, ушул жобонун 74-пунктунун ченемдерине ылайык жана Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндөгү тастыктоосуна ылайык жүргүзүлөт.

72. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объектти сактоо акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат.

73. Жеңилдетилген типтеги объекттерди сактоого алган Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган кампага жыюу жана сактоо жайынын администрациясы объекттин жана анын ичиндеги материалдык баалуулуктардын сакталышына жоопкерчилик тартат.

74. Жерди пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жеңилдетилген типтеги объекттерди 1 (бир) ай ичинде сактайт. 1 (бир) ай өткөндөн кийин Жерди пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган аларды ээсиз деп таануу жөнүндө арызы менен сотко кайрылууга укугу бар.

Сот тарабынан талап кылынбаган (ташталган) жеңилдетилген типтеги объекттер ээсиз катары таанылган учурда, алар муниципалдык менчикке өтөт.”.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                          Ж. А. Абдраимов