Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29-июнь № 35

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын негизинде,  Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин  төрагасынын орун басары болуп Абдраимов Жылдызбек Асанкулович шайлансын.
  2. Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жаатында Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүү киргизсин.
  3. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-декабрындагы   № 3 Бишкек шаардык кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 2-сабындагы “орун басар” деген сөз “орун басарлар” деген сѳз менен алмаштырылсын.

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июндагы № 5 “Бишкек шаардык кеңешинин Президиуму жөнүндө” токтомунун Президиумунун мүчөлөрү бөлүмүндүн 1-пунктундагы “орун басар” деген сөздөр “орун басарлар” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

Төрага                                                                                 К. Конгантиев